ЖАИЛОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАИЛОВ Жумабек (26. 8. 1955-ж. т., Чүй обл., Москва р-ну, Предтеченка айылы) – экономика илимд. доктору (2002), проф. (2007). Айыл чарбасын пландаштыруу б-ча адис. КМУну бүткөн (1977). Кыргыз ССР ИА ЭИде ил. кызматкер (1977–89), Кырг-н КП БКда кеңешчи (1989–91), «Кыргызагробизнес» борборунун гендиректору (1991–95), КРдин Экономика министрлигинде бөлүм башчы (1996), КРдин Өкмөтүнө караштуу
Тышкы экон. байланыштар агентчилигинде эксперт (1996–97), 1997-жылдан КРдин Өкмөтүнө караштуу Экон. стратегиялар борборунун директорунун орун басары. «Реформа» аттуу эл аралык ил.-экон. журналдын башкы редакторунун орун басары. 47 ил. эмгеги, а. и. 4 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Производительность аграрного труда: резервы ускорения. Ф., 1989; Углубление аграрной реформы и проблемы развития агро-бизнеса (авторлош). Б., 2000; Развитие аграрного сектора в условиях реформирования. Б., 2002.