ЖАЙЛООБАЕВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЛООБАЕВ Назармат (1891, Жалал-Абад обл., Ала-Бука р-ну, Баймак айылы – 14.12. 1983, ошол эле жер) – алгачкы агартуучулардан, Эл агартуунун отличниги (1936). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. мугалими (1946). Кокон ш-нан арабча билим алган. 1911-ж. Мончок-Дөбө айылындагы мечитте имам болуп, балдарды арабча окуткан. Бишкектеги пед. техникумду бүтүргөн (1932). 1924–34-ж. Ала-Бука р-нундагы Өрүктү, Кызыл-Ата айылдарында мектеп ачкан. Кызыл-Жар р-ндук элге билим берүү бөлүмүндө инспектор (1934), Ала-Бука р-нундагы мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектептин директору (1934–60) болгон. Ал тарыхый материалдарды, эски китептерди жыйнап («Раузатул сафа», «Тарихи Надира», «Мажму ат-таварих» ж. б.), Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган. Айылындагы мектепке ысмы ыйгарылган.