ЖАЙЫЛМА 1: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЙЫЛМА – дарыя өрөөнүнүн таманынын суу кирген мезгилде гана суунун алдында калуучу бөлүгү. Суу нугу м-н тектирдин аралыгында пайда болот. Төмөнкү (жыл сайын суу каптаган) ж-а жогорку (бир нече жылда бир, суу өтө жогорку деңгээлге жеткенде) Ж. болуп бөлүнөт. Ж. суу нугунун каптал жылышууларынын негизинде аллювий чөгүндүлөрүнүн топтолушунан пайда болот. Ж-нын дарыя нугунан бийикт. ондогон смден бир нече мге чейин жетет. Негизинен агын суу шилендилеринен турат. Көп учурда топурак кыртышы калыптанып, чөп, бадал, токойлор өсөт. Кээде чымдашпаган шагыл-таштардан турат. Анда нукту жээктей жаткан жалча-дөбөлөр, байыркы меандрдын издери, калдык көлдөр, саздак жерлер кездешет. Түздүк аркылуу аккан дарыянын Ж-сынын туурасы ондогон кмге жетет. Тоо дарыяларында Ж. адатта айрым бөлүктөрүндө гана кездешет. Ж-да көбүнчө күрдүү аллювий топурактары өрчүйт. Табигый өсүмдүктөрдөн шалбаа, дарак-бадалдар (тал, терек, жийде, чычырканак ж. б.) өсөт. Ж-га чөп жакшы чыгат, ошондуктан ал жайыт,
чабынды, огород катары кеңири пайдаланылат.
Түш. Кырг-нда Ж-га көбүнчө шалы эгилет.