ЖАЙЫТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЙЫТ – мал жаюуга пайдаланылуучу от жер. Ж. табигый ж-а эгилме (жасалма) болуп бөлү­нөт. Кырг-нда т а б и г ы й Ж-тар тоолуу, адырлуу, талаалуу ж-а жарым чөлдүү жерлерде болгондуктан, климаттык шарттары ар башка, натыйжада чөбүнүн кунардуулугу түрдүүчө бо­лот. Ж-та негизинен көп жылдык чөптөр, чала бадал ж-а бадалчалар өсөт. Э г и л м е Ж-та көп жылдык ж-а бир жылдык чанактуу, дан уруктуу өсүмдүктөрдүн аралашмасы эгилет. Мезгилдик пайдаланылышы б-ча жазгы-күзгү Ж-тар 2,6 млн, жайкы 3,8 млн, кышкы 2,2 млн гектар аянтты ээлейт. Ж. – көк тоюттун негиз­ги булагы. Ж-ка малды чөбү жетилгенде жаят. Мал Ж-та 150–170 күнгө чейин, айрым учурда жыл бою асыралат. Ж-тын кунардуулугун көтөрүү максатында атайын чаралар жүргүзүлөт, мис., которуштуруп пайдалануу, семирткич ча­чуу, сугаруу, чөп себүү, тосмолорду куруу ж. б. Эгилме Ж. кунардуу келип, экон. жактан көп пайда берет, мис., эгилме маданий Ж-ка өзгөчө саан уйларды эрте жаздан кеч күзгө чейин жай­са болот. Эгилме Ж. жылына 500–600 цге че­йин түшүм берет. Ж-ты туура пайдалануу м-н мал чарбасынан сапаттуу ж-а арзан азык-түлүк алса болот.