ЖАЛ-АРЫК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛ-АРЫК II – б. з. ч. 6–3-к-да жашаган көчмөн сак урууларына таандык көрүстөн. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул шаарчасына жакын жерде жайгашкан. Ал 120 майда ж-а чоң мүрзөдөн турат. 1963–64-, 1968–69-ж. Ы. Кожомбердиевдин жетекчилиги м-н Кыргыз ССР ИА-нын Тарых ин-тунун археол. экспедициясы изилдеген. Мүрзөлөр төрт чарчы, аң түрүндө казылып, үстү арча м-н жабылып, топурак ж-а таш м-н корумдалган. Айрым мүрзөлөрдүн дөбөлөрүнүн диаметри 2500–3000 мге чейин жетет. Көрүстөндөн табылган буюмдардын көбү алтын ж-а колодон жасалган. Алардын ичинен байыркы сактардын өнөрүн изилдөөдө жолборстун, жылкынын сөлөкөттөрүнүн ж-а алтын сөйкөлөрдүн мааниси зор. Көрүстөндөн чыккан адамдын баш сөөгү калыбына келтирилип, байыркы сактардын антропол. келбети түзүлгөн. Археол. табылгалар Казакстан, Түш. Сибирь, Борб. Азия аймактарында жашаган байыркы көчмөн элдердин буюмдарына өтө окшош келет.
Ад.: Кожомбердиев И. Работы в зоне водохранилища Токт ог ульской ГЭС // Археологические открытия 1969 года. М., 1970.