ЖАЛГАНДЫК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАЛГАНДЫК — философия илиминдеги тааным теориясынынын өзөктүү категорияларынын бири. «Чын жана жалган», «тууралык жана жалгандык» сыяктуу түгөйлөш терминдер катары колдонулат. Күндөлүк турмушта пайдаланылган натуура, калп деген сөздөрдүн синонимдери. Этика илиминде Ж. а д е п окуусуна таандык болуп саналат. Ж. турмуштан келип чыккан шарттарга карата жооп катары пайда болгон. Ж. ин-ту жалаң гана терс көрүнүштөр үчүн зыяндуу мааниде гана кызмат кылбастан, о. эле адам акылынын оң фантазиясына, тамаша-азилдерине, кыялданууларына, көркөм ой чабыттарына, ички дил эргүүлөрүнө оң маанидеги олуттуу ролдорду ойноп келген. Мифтерде, жомоктордо, легендаларда, ар кандай коркунучтуу айтымдарда Ж-тын түрлөрү кездешет. Кыргыз лексикасында «каталык», «жаңылыштык», «адашуучулук» сыяктуу түшүнүктөрдү Ж. м-н чаташтырбай, тескерисинче, алардан Ж-ты айырмалоо зарыл.