ЖАЛКЫ ТИШТҮҮ МЕХАНИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЛКЫ ТИШТҮҮ МЕХАНИ́ЗМ – айлануу кый­мылын бир тарапка гана берүүчү тиштүү меха­низм. Ж. т. м. кармап туруучу түзүлүш катары (жүк көтөрүүчү машинада) же улам токтоп, мез­гилдүү айлануу кыймылын жасоодо (автомат­тык линиялардын берүү механизминде) колдо­нулат. Ал атайын формадагы тиштүү рычаг, тиштүү дөңгөлөктүн тишине такалып кала тур­гандай кылып жасалган. Рычаг артка түртүлүп калмайынча дөнгөлөктүн бир багытта айлануу­суна мүмкүндүк берет. Ж. т. м. негизинен кол лебедкаларда, мех. сааттардын буроочу ж-а ве­лосипеддин арткы дөңгөлөгүнүн механизмде­ринде колдонулат.