ЖАМАНОВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМАНОВ Сыдыкбек (1913, азыркы Нарын обл., Жумгал р-ну, Беш-Терек кыш. – 24.7.1993, Бишкек)

–драма артисти, Кыргыз ССРинин эл арт. (1958), Кыргыз ССР Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1986). Ж. атайын билим албаса да, кыргыздын профессионал театр өнөрүн баштоочулардын катарында табигый таланты ж-а талыкпаган эмгеги аркылуу театр тарыхына из калтырган. Эмгек жолун 1936-ж. балдар театрында иштөө м-н баштаган, 1941-жылдан Кыргыз мамл. драма театрында иштеген.
Негизги ролдору: Каныбек, Курманбек (К. Жантөшев, «Каныбек», «Курманбек»), Түлкү (К. Маликов, А. Куттубаев, «Жаңыл»), Болот (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Балбай (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөөнү»), Субанкул (Ч. Айтматов, «Саманчы жолу»), Яровой (К. Тренёв,
«Любовь Яровая»), Жолдош (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Забелин (Н. Погодин, «Кремль куранттары»), Бакай (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сейтек») ж. б. «Илья Муромец», «Салтанат», «Менин жаңылыштыгым», «Алыскы тоолордо», «Токтогул», «Эрте жаздагы турналар», «Он үчүнчү башкарма» ж. б. кинофильмдерге тартылган. «Өнөр өргө жетелейт» деген мемуардык китептин ж-а бир нече пьесанын автору.