ЖАНСЫЗ ДЕҢИЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАНСЫЗ ДЕҢИЗ (ар. Б а х р - Л у т) – Ж. Чыгыштагы эң туздуу туюк көл. Иордания м-н Израилдин аймагында, Гхор (Эль-Гор) тек­тон. ойдуңунда деңиз деңг. 418 м төмөн жай­гашкан (жээк аймагы – Жер шарындагы кур­гактыктын эң жапыз жери). Аянты 1050 км2,

Жансыз деңиз жээгинин ландшафты.

уз. 76 км, тереңд. 356 м (башка маалымат б-ча 335 м). Жээктери чөлдүү, айрым жерлери аска­луу. Көлгө Иордан д. куят. Ж. д. дүйнөдөгү эң туздуу көлдөрдүн бири (туздуулугу 260–270, ай­рым жылдары 310‰ге чейин жетет). Аталышы сууда организмдин (бактериялардын айрым түрлөрүнөн башкасы) жоктугунан келип чык­кан деп далилденет. Батыш жээгиндеги үңкүр­лөрдөн 1947-ж. байыркы еврей, араб, грек, ла­тын ж. б. тилдердеги кол жазмалардын (көбүнчө б. з. ч. 2-к. – б. з. 2-к-на таандык) үзүндүлөрү табылган. Ж. д-дин батыш жээгинде, Иордан д-нын чатында библия мифологиясындагы бел­гилүү Содом ж-а Гоморра ш. жайгашкандыгы божомолдонот. Түш. жээгинен калий ж. б. туз­дар казып алынат.