ЖАНТӨШЕВ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНТӨШЕВ Касымалы (1904, Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Тепке айылы – 13. 8. 1968, Фрунзе) – жазуучу, драматург, кыргыз профессионал адтын негиздегендердин бири, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери (1

946), Кыргыз эл жазуучусу (1968). Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн (1930). 1934-ж. чейин Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатында методист, РайОНОнун башчысы, окутуучу болуп иштеген. Кыргыз мамл. драма театрынын режиссёру, артисти, (1934–46), режиссёр-коюучу (1946–48), Кыргызмамбастын редактору (1948–49), Кыргыз ССР Эл агартуу комиссариатында иск-во б-ча башкарма начальниги (1949–51), Кыргыз ССР Мад-т министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору (1964–68) болуп эмгектенген. Ал чыг-лык жолун драмалык
чыгармаларды жазуудан баштаган. «Койчу»
(1922), «Түштө», «Биз комсомолецтер» (1927), Октябрь рев-ясына чейинки кыргыз аялдарынын кайгылуу тагдырын баяндаган «Карачач» (1929), «Алым менен Мария» (1930) пьесалары театр студиясында коюлган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде ж-а андан кийин жазган драмалык чыгармалары – «Өч», «Эл ырчысы»,
«Азоого чалма», «Каныбек», «Курманбек» ж. б.
Алгачкы көлөмдүү прозалык чыгармасы – «Эки жаш» (1938) повести. Ж-ди жазуучу катары тааныткан чыгармасы – кыргыз ад-тындагы белгилүү чыгармалардан болуп калган «Каныбек» романы (1-китеби 1939-ж.; 2-китеби 1941-ж.; 3-китеби 1948-ж. чыккан; экинчи редакциясы 1957–58-ж. жарык көргөн). «Каныбекте» кыргыз элинин 19-к-дын экинчи жарымы – 20-кдын башындагы экон. абалы, үрп-адаты, кыргыз жерине соода капиталынын айрым элементтеринин кириши, рев-ялык идеялардын тарала башташы ж. б. окуялар эпикалык планда сүрөттөлгөн. Романдын баш каарманы Каныбектин образы романтикалык планда берилип, эзүүчүлөр м-н күрөшү, тайманбастыгы ж-а өзү сыяктуу кедей-кембагалдарга кылган кайрымдуулугу, боорукерлиги көрсөтүлөт. Ж. – «Хан-Теңирлик чабан» (1963), «Биздин секретарь» (1964),
«Менин тагдырым» (1967) деген роман, повесттердин, «Адыл мерген», «Мендирман», «Чолпонбай», «Өнөрлүү балдар», «Кара шумкар» сыяктуу аңгемелердин, «Тилек», «Ашуу ашкан суу» сыяктуу ил.-фантастикалык повесттердин автору. Балдар үчүн аңгеме, жомокторду да жазган. Ж. табиятында акын адам болгон. «Бөлөлөр» аттуу ыр м-н жазылган фельетону 1969-ж. 2-февралда «Советтик Кыргызстан» (азыркы
«Кыргыз Туусу») гезитине жарыяланган.«Кур-
манбек» драмасын да ыр м-н жазган. Ж. котормочукатарыдабелгилүү.Н.Островскийдин«Болот кантип курчуду» романын, М. Лермонтовдун «Ашык Керибин» ж. б. кыргыз тилине которгон. Ал – кыргыз кинодраматургия жанрын баштоочулардын бири. Айрым чыгармалары («Каныбек» романы ж. б.) экрандаштырылган.
«Каныбек» романы ж. б. чыгармалары чет тилдерге которулган. Респ-дагы айрым мектептерге, китепканаларга, көчөлөргө ж-а Каракол ш-ндагы Ысык-Көл обл. драма театрына анын ысмы берилген. Айкели Ак-Суу р-нундагы Тепке айылына 1974-ж. тургузулган (скульптор А. В. Шестопал). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Суванбеков Ж. Касымалы Жантөшев. Ф., 1964; Абдылдабеков К. Сөз чебери. Ф., 1970; Күмүшалиев К. Касымалы Жантөшев. Ф., 1973; Жигитов С. Жаңычылык жолунда. Ф., 1975; Бектенов З. Замандаштарым жөнүндө эскерүү. Б., 1992; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004. И. Жумабаев.