ЖАНТУРИН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНТУРИН Нурмукан Сейитахмет уулу (22. 4. 1928, Казакстан, Гурьев, азыркы Атырау обл., Махамбет кыш. – 2. 5. 1990, Алматы)

– казак актёру, Казак ССР эл арт. (1966). Ташкенттеги А. Н. Островский атн. театр-көркөм сүрөт интунун актёрлук ф-тин бүтүргөн (1952). М. Ауэзов атн. Казак драма театрында (1952–67, 1988- жылдан өмүрүнүн акырына чейин), «Казакфильм» киностудиясында актёр (1967–88) болуп иштеген. Негизги ролдору: Чокан Валиханов Н. Жантурин – Абакир, К. Юсупжанова. – Калипа. Л. Шеп ить к о. « Ап та п » ф и ль м и не н к ад р . 1962. (Муканов, «Чокан Валиханов»), Кодар (Мусрепов, «Козу-Көрпөч-Баян сулуу»), Яго (Шекспир, «Отелло»), Доктор (Назым Хикмет, «Унутулган адам») ж. б. Кинофильмдерге 1948-жылдан тартыла баштаган: Керимдин («Талаа кызы»), Аблайхановдун («Атамандын кыйрашы»), кыргыз киносунда Жоомарттын («Салтанат»), Тагайдын («Жоро»), Абакирдин («Аптап»), Танабайдын («Жаныбарым, Гүлсары») ролун аткарган. 1968- жылдан «Казакфильм» киностудиясында актёр. «Токой балладасы» фильмин реж. Цой Гук Ин м-н бирге койгон (1972). 2 Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.