ЖАНУЗАКОВ Төрөкул: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАНУЗАКОВ</b> Төрөкул [1893, Олуя-Ата уезди | <b type='title'>ЖАНУЗАКОВ</b> '''Төрөкул''' [1893, Олуя-Ата уезди (азыркы Талас облусу), Талды-Булак айылы – 1921, Түркстан АССРи, Фергана облусу] – мамлекеттик ж-а коомдук ишмер; кыргыздардан чыккан ал- | ||
(азыркы Талас | |||
[[File:ЖАНУЗАКОВ67.png | thumb | none]]гачкы чекист. 1920- | [[File:ЖАНУЗАКОВ67.png | thumb | none]]гачкы чекист. 1920-жылы <i>Түрк­стан АССР</i> төрагасынын орун басары болгон. Мерке­деги орус-тузем мектебин аяктап, 1909-жылдан Түрк­стан генерал-губернаторуна жеке жардамчы ж-а котор­мочу болуп иштеген. Жанузаков кыргыздардын ичинен би­ринчи болуп Россиянын мамлекеттик думасына депутат­тыкка талапкер болгон. Со­вет бийлиги орногондо, эркиндикти, элдик бий­ликти колдоп, Түркстан Аткомунун 1916-жыл­кы көтөрүлүштөгү качкындардын иши боюнча ко­миссиясына төрагалык кылган. 1920-жылы сен­тябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин 1- конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров м-н чогуу Г. Зиновьев башында турган Чыгыш иштери б-ча үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы боюнча Т. <i>Рыску­ловду</i> колдоп, аны м-н бирдикте Россиянын ку­рамында өзүнчө Түркстан Республикасын түзүүнү су­нуш кылган. 1921-жылы сентябрда Самаркандда өт­көн Түркстан улуттук биримдигинин 6-конгрес­сине катышкан. Ушул конгресстен кийин Жанузаков совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каран­ды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бий­ликтен кол үзүп, совет бийлигине каршы от­ряддарды уюштурган. 1921-жылы Жанузаков Анжиян уез­динде Исраил корбашынын тобунда жүрүп, де­кабрь айында кызыл аскерлер м-н болгон уруш­тардын биринде курман болгон. | ||
Чыгыш иштери б-ча үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы | |||
<i>К.Алымкулов. </i>[[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
03:50, 1 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖАНУЗАКОВ Төрөкул [1893, Олуя-Ата уезди (азыркы Талас облусу), Талды-Булак айылы – 1921, Түркстан АССРи, Фергана облусу] – мамлекеттик ж-а коомдук ишмер; кыргыздардан чыккан ал-

гачкы чекист. 1920-жылы Түркстан АССР төрагасынын орун басары болгон. Меркедеги орус-тузем мектебин аяктап, 1909-жылдан Түркстан генерал-губернаторуна жеке жардамчы ж-а котормочу болуп иштеген. Жанузаков кыргыздардын ичинен биринчи болуп Россиянын мамлекеттик думасына депутаттыкка талапкер болгон. Совет бийлиги орногондо, эркиндикти, элдик бийликти колдоп, Түркстан Аткомунун 1916-жылкы көтөрүлүштөгү качкындардын иши боюнча комиссиясына төрагалык кылган. 1920-жылы сентябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин 1- конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров м-н чогуу Г. Зиновьев башында турган Чыгыш иштери б-ча үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы боюнча Т. Рыскуловду колдоп, аны м-н бирдикте Россиянын курамында өзүнчө Түркстан Республикасын түзүүнү сунуш кылган. 1921-жылы сентябрда Самаркандда өткөн Түркстан улуттук биримдигинин 6-конгрессине катышкан. Ушул конгресстен кийин Жанузаков совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каранды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бийликтен кол үзүп, совет бийлигине каршы отряддарды уюштурган. 1921-жылы Жанузаков Анжиян уездинде Исраил корбашынын тобунда жүрүп, декабрь айында кызыл аскерлер м-н болгон уруштардын биринде курман болгон.
К.Алымкулов.