ВАНКУВЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАНЌУВЕР – Канаданын түш.-батышындагы шаар. Британия Колумбиясы провинциясында. Калкы 800,0 миң (2016; агломерациясында 2,1 млн). В. – провинциянын ил., маданий, ишкердик ж-а туристтик борбору. Өлкөнүн Тынч океандын жээгиндеги ири деӊиз порту (жылына 76,5 млн т жүк ташылат). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1870-ж. пайда болгон Гранвилл тургун жайы 1886-ж. шаар статусуна ээ болуп, Тынч океандын жээгин иликтеген (1792) англ. деӊиз сүзүүчүсү Ж. Ванкувердин ысымынан аталган. 19-к-дын аягынан В. Канаданын ири чарба борбору. Шаарда 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында түз көчөлөрдүн жыш тармагы, көптөгөн парктар, жаӊы классика стилиндеги турак жайлар, болоттон асма көпүрө (1939) курулган. Ун-ттер, музейлер, сүрөт гал., театрлар бар. Улуттук иск-во борбору. Жыл сайын

Шаардын көрүнүшү. эл аралык кинофестиваль ж-а 2 жылда бир даректүү фильмдердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Канаданын ири өнөр жай борборлорунун бири. Кеме куруу, жыгаччылык, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн.