ЖАНЫШ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАНЫШ (1843, азыркы Казак Респ-сы – 1899, Талас өрөөнү) – белгилүү төкмө акын, казалчы, дастанчы. Атасы Абылай хандын чабуулунун
биринде (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары) туткунга кетет. Ж. ошол жакта туулуп, чыг-лык өмүрүнүн күрдөөлдүү учуру казак жергесинде өткөн. Ал сабаттуу адам болгон.
Өмүрүнүн акырында 1876-ж. Таластагы Чат-Базар деген жерге көчүп келген. Жердештери анын
үнүнүн бийиктигин, кооздугун, көбүнчө дин ырларын аткаргандыгын белгилешкен. Кат тааныган Токтогазы, Жусупбек, Сүйүнтбек, Ыса аттуу уулдары «Карагул» поэмасын өз оозунан жазып алып, ал кол жазма түрүндө эл арасына тараган. Поэма 1883-ж. Ташкентте Л. Лютш түзгөн хрестоматияда жарык көргөн. Китепте жарыяланган нускасы Ж-тан жазылып алынган, ал кол жазманын тексти м-н салыштырып караганда айрым гана стилдик, лексикалык айырмачылыктар болбосо, экөө бир эле чыгарманы түзгөн. Мындан башка «Карчыга менен көгүчкөн» деп аталган диндик поэманы да айтчу экен. Бирок «Кара жаак» аталган чоң акындын бизге аз гана чыгармалары келип жеткен. Анын бири – «Коён жылы» (көлөмү чакан). Коён жылында ачарчылык өкүм сүрүп, жут болуп, мал-жан кырсыкка учурап, эл жокчулуктан жабыркагандыгын, жылдын катаалдыгын баяндаган. Мындан башка бизге жеткен чыгарманын бараандуусу – насили кыргыз, чыг-лыгы казак жергесинде калыптанып, казак калкы булбул деген атак ыйгарган Жөжө (казакта Шөже аталат) Каржаубай уулу м-н айтышы. Ж-ты жердештери чоң акын катары мүнөздөйт, анын аткаруучулук жөндөмүнүн бийиктигин айрыкча бөлүп айтышат. Жөжө м-н Ж-тын айтышы 1968-ж. биринчи жолу кагаз бетине түшүрүлгөн. Жөжөнүн айтыштарда тиш кагып, дасыккан чоң акындыгына карабастан, Ж. сөздөн алдырбайт. Дээрлик бардык маалыматтарда айтышкан учурда Ж-тын отуздан ашкандыгы, Жөжөнүн жетимиштин тегерегинде экендиги маалымдалган. Беттешүү Таласка көчүп келгенден кийин өтүп, кыргыз акыны катары 1878-ж. айтышка түшкөн. Чыгарманын эки нускасы бар, алар бири-бирин толуктап турат. Бирөө М. Жунушалиевдин айтуусунда, ал Ж-тын баласы Кишенбайдан угуп үйрөнгөн экен. Экинчисин К. Алыйманов үзүндү түрүндө жаздырган. Ал айткан нускада эки акындын айтышына, ой бөлүшүүсүнө басым жасалат. Айтыш Байтиктин айылында, Байтиктин баласы Байсалдын
үйүндө өткөн. Ж. «Козу Көрпөш – Баян сулуу»,
«Кыз Жибек», «Алпамыш» өңдүү казак поэмаларын, кыргыздын «Отор кан» деген эпосун чебер аткарган. Бирок, алардын тексти бизге жеткен жок. 11–12 муундан турган өлөңдүн кыргыздарга өтүшүндө, казал формасындагы диндик поэмаларды элге жайылтууда акындын кошкон салымы зор. Анын бир топ чыгармасын К. Мифтаков 1923-ж. эл оозунан жыйнап алган. Ж-тын «Карагул», «Карчыга, пайгамбар,
көгүчкөн», «Коён жылы» аттуу чакан поэмалары КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Б. Кебекова.