ЖАҢГАК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАҢГАК , г р е к ж а ң г а г ы (Juglans) –
өсүмдүктөрдүн жаңгактар тукумундагы уруусу.
Бийикт. 5–50 мге чейин жеткен, жалбырагын күбүмө, бир үйлүү дарак. Шагынын диаметри 10–12 м. Май айында гүлдөп, мөмөсү сентябрдын аягынан октябрга чейин бышат. Мөмөсү

данектүү, тоголок же сүйрү. Анда май, белок, А, В1 витаминдери бар. Анын 20дай түрү көбүнчө Түн. Европа, Чыгыш Азия, Түн. ж-а Түш. Американын мелүүн, субтропик, тропик алкактарында өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү негизинен тоодогу жазы жалбырактуу аралаш токойлордо кезигет. Кырг-нда Фергана ж-а Чаткал кырка тоолорунун түш.-батыш беттеринде өнүпөсүүсү үчүн өзгөчө табигый чөйрөнү талап кылуучу торгой флорасынын калдыгы – дүйнөдөгү ири Ж. токою өсөт. Аянты 35 миң га жерди ээлейт. Ж. мөмө дарагы катары, о. эле кооздук үчүн өстүрүлөт. Жыгачынан баалуу буюм, урук, кабыгынан боёк, өңдөгүч зат алынат. Майы тамак-ашка пайдаланылат, о. эле лак, самын жасоодо керектелет.