ЖАҢЫ-АРТ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАҢЫ-АРТ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал тоо тизмеги­нин түн. капталынан агып түшкөн Жаңы-Арт суусунун төрүнөн орун алган. Уз. 11,3 км, аян­ты 15,3 км2. Дээрлик меридиан багытында жа­тып, аяк бөлүгү гана түн.-чыгышка имерилет. Эки жеринде муз кескин эңкейиштеп, тепкич сымал жаракаларды пайда кылат. Мөңгү жого­ру жагынан туташ фирн талаасы ээлеген тоо капталдары м-н курчалган. Капталдарынан кар көчкү жүрүп турат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5160 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Этеги би­йикт. 15–20 м келген морена догосу м-н курчал­ган. Мөңгүдөн Жаңы-Арт суусу башталып, Ак- Шыйракка оң жактан куят.