ЖАҢЫБАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАҢЫБАЙ Кожек уулу (1869, Жумгал өрөө­нү – 1942, Токтогул р-ну, Өзгөрүш айылы) – ма­насчы. 1890-жылдын аяк ченинен Кетмен-Төбөдө жашаган. Манасчынын эскерүүсүндө анын жети атасы тең (Айдарбек, Сүйүнбай, Сакечүк, Теңир­бай, Сары, Жаманкара, Кожек) «Манас» айт­кан. «Манасты» атасы Кожектен үйрөнүп, он алты жашынан айта баштаган. «Көкөтөйдүн ашын», «Чоң казатты», о. эле «Семетей», «Сей­тек» эпосторун толук айткан. Ж-дан жалпы кө­лөмү 19445 сап ыр жазылып алынган. Ал «Эр Табылды», «Эр Төштүк» эпосторун, элдик поэ­ма «Ак Мөөрдү» ж-а салт ырларын да билген. Ж. үчилтиктин «Семетей» м-н «Сейтек» бөлүм­дөрүн айтуу м-н атасы сыяктуу эле негизинен эл арасына семетейчи катары таанылган. Ал «Семетей» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү салты м-н байланыштырган. 1936-ж. Фрунзеде өткөрүлгөн кароо-конкурска Ж. да катышып, анын «Семетейи» башка семетейчилердикине үндөшпөгөндүктөн, жалпы салттык үлгүгө са­лыштырылып, идеялык мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүгү, башка семетейчилерден айырмачы­лыгы бар экени бааланбастан, үстүртөн гана уй­каштыгы начар деген жыйынтык м-н жокко чы­гарылган. К. Мифтаков семетейчинин чыг-лык бөтөнчөлүгүн учурунда туура баалап, 1936-жыл­дын сентябрынан 1937-жылдын март айына че­йин 100 басма табак көлөмүндө «Семетейди» толук ж-а «Манас» бөлүмүнөн кара сөз түрүндө «Манастын санжырасын» ж-а ыр м-н кыскача «Манастын балалык чагы» деген эпизоддорду жазып алган. Ж-дын «Семетейинде» элдин жай турмушу, сезим күрөштөрү сыяктуу турмуш көрүнүштөрүнө өзгөчө көңүл бурулган, эпос­тун жалпы сюжеттик нугу өзгөрүлбөстөн сак­талган.