ЖАҢЫ-БАЗАР 1: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАҢЫ-БАЗАР – Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нундагы кыштак. Чаткал айыл округунун борбору. 1985-ж. чейин райондун борбору. Чат­кал суусунун боюнда, деңиз деңг. 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыш-нан 25 км батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 362 км. Калкы 2148 (2007); не­гизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто ж-а башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, китепка­на бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, мейманкана, оорукана (бейтапканасы м-н), дарыкана, мечит иштейт. Беш-Арал кору­гунун администрациясы да ушул кыштакта жай­гашкан. Кыштакка жакын Ыдырыс пайгамбар­дын күмбөзү сакталган.