ГУДЗОН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГУДЗО́Н, Х а д с о н Генри (1550–1611-ж. чен) – англис деӊиз саякатчысы. 1607–11-ж. Атлантика океанынан Тынч океанга өтүүчү түн. деӊиз жолун табуу максатында Арктика деӊиздерине 4 жолу саякат жасаган. Г. ачкан Түн. Америкадагы булуӊ, дарыя ж-а кысык анын атынан аталган. 1611-ж. июнь айында Гудзон булуӊунан кайта келе жатканда анын командасы көтөрүлүш чыгарып, Г-ду уулу ж-а 7 морягы м-н кайыкка салып, таштап кетишкен, ошондон ал дайынсыз болгон.