«ЖАҢЫЛ МЫРЗА»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
мNo edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«ЖАҢЫЛ МЫРЗА»</b> – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. Айрым божомолдор | <b type='title'>«ЖАҢЫЛ МЫРЗА»</b> – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. Айрым божомолдор боюнча анын пайда болушу 15–16-кылымдарга таандык. Дастанда калмак баскынчылыгына каршы кыргыздардын күрөшү, кыргыз урууларынын турмушу сүрөт­төлөт. Башкы каарман Жаңыл – баатыр кыз, нойгут уруусунун билерманы. Анын баатырды­гы душман менен кармашта да, жекече сыноолор­до да көрүнөт. Дастандын пайда болушуна та­рыхый факт негиз болуп, элдин рухий муктаж­дыгы Жаңыл сыяктуу жаркын образдардын жаралышына шарт түзгөн. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт вариан­ты (Тоголок Молдо, А. Чоробаев, Ы. Абдырах­манов жана М. Мусулманкуловдун айтуусунда) бар. 1957-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. Ы. Абд­рахмановдун варианты «Илим» басмасынан жарык көргөн. «Жаңыл Мырза» дастанынын айрым ай­туучулары аны тарыхый болгон окуялар менен байланыштырып, ал образдардын прототиби жөнүндө да эскеришет. Тоголок Молдонун эске­рүүсүндө Жаңыл 16-кылымда жашаган деген маалы­мат бар. Жаңылдын жашаган доорунда «Кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, Шырдакбек хан, <i>Үчүкө, Түлкү,</i> Тейиш, анын бал­дары Аккочкор, Үлбүрчөк, Бургуйлар жаша­ган» - деп айтылат. Бул маалыматтарга кара­ганда дастандагы каармандардын бир тобу – та­рыхый адамдар. Ы. Абдрахманов Жаңылды 17- кылымда жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Дастандын сюжетинин негизинде драма (К. Ма­ликов, А. Куттубаев), поэма (С. Эралиев) жа­зылган. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
08:51, 29 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
«ЖАҢЫЛ МЫРЗА» – кыргыз элинин баатырдык дастаны. Айрым божомолдор боюнча анын пайда болушу 15–16-кылымдарга таандык. Дастанда калмак баскынчылыгына каршы кыргыздардын күрөшү, кыргыз урууларынын турмушу сүрөттөлөт. Башкы каарман Жаңыл – баатыр кыз, нойгут уруусунун билерманы. Анын баатырдыгы душман менен кармашта да, жекече сыноолордо да көрүнөт. Дастандын пайда болушуна тарыхый факт негиз болуп, элдин рухий муктаждыгы Жаңыл сыяктуу жаркын образдардын жаралышына шарт түзгөн. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда дастандын төрт варианты (Тоголок Молдо, А. Чоробаев, Ы. Абдырахманов жана М. Мусулманкуловдун айтуусунда) бар. 1957-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. Ы. Абдрахмановдун варианты «Илим» басмасынан жарык көргөн. «Жаңыл Мырза» дастанынын айрым айтуучулары аны тарыхый болгон окуялар менен байланыштырып, ал образдардын прототиби жөнүндө да эскеришет. Тоголок Молдонун эскерүүсүндө Жаңыл 16-кылымда жашаган деген маалымат бар. Жаңылдын жашаган доорунда «Кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, Шырдакбек хан, Үчүкө, Түлкү, Тейиш, анын балдары Аккочкор, Үлбүрчөк, Бургуйлар жашаган» - деп айтылат. Бул маалыматтарга караганда дастандагы каармандардын бир тобу – тарыхый адамдар. Ы. Абдрахманов Жаңылды 17- кылымда жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Дастандын сюжетинин негизинде драма (К. Маликов, А. Куттубаев), поэма (С. Эралиев) жазылган.