ЖАПАРОВ Шералы: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАПАРОВ Шералы (23. 9. 1936-ж. т., Баткен обл., Лейлек р-ну, Шор-Булак айылы) – тилчи, филология илимд. доктору (1990), проф. (1991). Кыргыз тилинин диалектологиясы, лексиколо­гиясы, лексикографиясы, ономастикасы ж-а био­библиографиясы б-ча адис. КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1965), Сүлүктү ш-нын, Лейлек р-нунун мектептеринде мугалим (1966), КМУда окутуучу, доцент (1970–77), Кыргыз Совет эн­циклопедиясынын Башкы редакциясында улук редактор, редакция башчысы (1977–79), КР УИАда ил. кызматкер (1979–89), И. Арабаев атн. КМПУда кафедра башчысы, проф. (1989–2002), Нарын мамл. ун-тинде кафедра башчысы (2002– 05) болуп иштеген. Ж. кыргыз тилинин түш.- батышдиалектисиб-чажыйнаганматериалда­рынын негизинде бир нече окуу куралын жаз­ган. Антропонимдерди изилдөөнүн натыйжа­сында «Кыргыз адам аттарынын сөздүгү» (1979), «Кыргыз тилинин диалектологиясы» (1976, 1982, 2001), «Кыргыз адам аттары» (1989), «Кыр­гыз тилинин омонимдер сөздүгү» (1986), «Сенин ысмың ким?» (1990), «Кыргыз тилинин фонети­касы» (2001) сыяктуу эмгектерин жараткан. Кыргыз тилинин синонимдер, омонимдер, анто­нимдер ж-а фразеологизмдер сөздүктөрүн түзүүгө катышкан. Библиограф катары кыргыз лингвист-


теринин чыг-лыгын изилдеп, «Кыргыз тилчиле­ри» аттуу эмгегин жазган (2004). Эмгектери ГДРде, Кытайда, Түркияда ж. б. өлкөлөрдө жа­рык көргөн.


Эмг.: Азыркы кыргыз тилиндеги синонимдер. Ф., 1971; Кыргызская ономастика. Ф., 1990; Кыргызская антропонимика. Ф., 1992; Адам аттары – эл байлыгы. Б., 2001. М. Молдалиева.