ЖАРААТ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАРААТ – дене ткандарынын мех. жол м-н майып болушу. Ал сайылган, кесилген, тиштелген, ок тийген ж. б. болуп бөлүнөт. Терең Ж-та анын май катмары, сөөк, ири кан тамырлар, нервдер жабыркашы мүмкүн. Ж-тын оордугу жабыркаган жерде ткандардын бузулуу өлчөмүнө, булганышына ж-а кандын агышына ж. б. жараша болот. Баштын, көөдөн м-н ичтин Ж-ы айрыкча коркунучтуу. Бардык Ж-та кан агат, ооруйт, ири кан тамырлар, ички органдар жарадар болгондо кан көп агып, катуу ооруп, өмүргө коркунучтуу шокко алып келет. Курч нерсе м-н кесилген Ж-тын тегерегинде жанчылган ткань азыраак болуп, Ж. инфекциясы болбойт. Айрылган, урулган, жанчылган, тиштелген, о. эле ок Ж-тарынын айланасындагы ткандар көп жанчылат. Ал жерде жанчылган же бузулган ткань, о. эле уюган кан, ар кандай таза эмес нерселер (топурак, ылай, чөпчар ж. б.) көп болот. Булар инфекция коркунучун – газ гангренасын, флегмона, абсцесс же Ж-тын бүтүндөй эле ириңдеп кетүү коркунучун туудурат. Оор учурда сепсис болушу мүмкүн. Биринчи жардам көрсөтүүдө барыдан мурда кан агууну токтотуп, булганбас үчүн асептикалык эрежени сактап, таза даки м-н бекем таңуу керек. Ж-ты жууганга болбойт, себеби ириңдетүүчү микроб кирип кетүүсү мүмкүн. Буттун Ж-тарында аны кыймылдатпоо үчүн шакшак коюп таңып, мед. мекемеге жеткирип, селеймеге каршы эмдетүү зарыл.