ЖАРГАРТ МРАМОР КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАРГАРТ МРА́МОР КЕНИ Талас р-нунда, Талас ш-нан 80 км чыгышта, деңиз деңг. 2800– 3500 м бийикте жайгашкан. 1985-ж. Кенташ эмес заттарды геол. чалгындоочу Кыргыз экспедициясы издөө-баалоо иштерин жүргүзгөн. Мрамор жогорку рифей мезгилинде пайда болгон. Доломиттүү, жашыл түстүү, тилкечелүү, өтө кооз. Орт. тыгыздыгы 2,72 г/см3, көзөнөктүүлүгү 1,19%, суу сиңирүүсү 0,16%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 110,7 МПа, сууга каныккан абалында – 101,7 МПа, жешилүүсү 1,23 г/см2. I ж-а IV топтордогу блоктордун чыгышы 11,21%, даяр такталардын чыгышы – 5,3төн 9,2 м2/м3 чейин. С категориясы б-ча запасы – 740 миң м3. шынын ортосуна кирип, анын бир окто айланышын камсыз кылат. Тартылуучу дан шимектүү көзөнөккө ууч м-н салынат. Ж. үстүнкү бетинин бир жак четиндеги көзөнөгүнө кагылган жыгач туткасы аркылуу кол м-н айландырылат. Тартылган дан анын алдына салынган супурага түшүп турат. Ж-ты аялдар ж-а балдар тарткан. Учурда Ж. сейрек колдонулат.