ЖАРКЫМБАЕВ 2: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАРКЫМБАЕВ Казак (10. 11. 1911, Ысык- Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Таштак кыш.– 10. 7. 1969, Кароол-Дөбө кыш.)

– Сов. Союз. Баатыры (1945). 1941-жылдын июлунан Кызыл Армия­да. Улуу Ата Мекендик согушта 287-гвардия­лык аткычтар полкунун (95-гвардиялык аткыч­тар дивизиясы, 5-гвардиялык армия, 2-Украин фронту) мээлегичи, гвардиянын кенже сержан­ты. 2-Украин фронтунда со­гушуп, Молдавиядагы Ду­боссары кыш-н бошотууда ж-а Днестр д-нан өтүүдө өз­гөчө эрдик көрсөткөн. Ал дарыянын батыш жээгине өтүп, душмандын контр ча­буулунун мизин кайтарып, 2 станоктуу пулемётту, гит­лерчилердин 2ден ашык взводун жок кылган. Плац­дармды коргоп калышкан. Согуштан кийин айылына келип, өмүрүнүн акырына чейин өз колхозунда эмгектенген. Ленин ордени ж-а ме­далдар м-н сыйланган. Ысмы өзү туулуп-өскөн кыштакка, мектепке, көчөгө ыйгарылган.