ЖАРКЫНАЙЫМ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРКЫНАЙЫМ , Х а к и м а й ы м, М а л ик а а й ы м (т. ж. б. – 1868, Кокон) – Шералы хандын аялы, Кудаяр хан Сарымсак, Султанмураттын энеси; 19-к-дын орто ченинде жашап өткөн, кыргыз элинен чыккан белгилүү аялдардын бири. Кыргыздардын сол канатына кирген саруунун баркы уругунун бийи Токтоназардын кызы. Оозеки маалыматтар б-ча Ж. азыркы Наманган обл-нун Үйчү р-нуна караштуу Аксыкент деген жерде туулган. Энеси Акбала өнөрлүү болуп, темир комузда ойногон. Атасы Токтоназар өлгөндөн кийин Ж-дын агасы Кедейбай датка анын урук-туугандарын азыркы Аксы р-нундагы Кара-Суунун жээгиндеги Топ-Жаңгак айылына көчүрүп келген. Ж. өзүнүн акылдуулугу м-н Шералы ж-а Кудаяр хандардын доорунда Кокон ордосунун эң таасирлүү адамдарынын бирине айланган. Ж-дын коомдук, саясий мамл. ж. б. иштерге кийлигишүүсү Шералынын Коконго хан болушунан башталат (1842) ж-а көп мамл. иштер анын катышуусу м-н ишке ашкан. Мис., Касым миң башыны өлүм жазасынан бошотууга салым кошуп, Мусулманкулдун дарга асылышын колдогон. Кыргыз төбөлдөрүнүн ордодогу бийликке аралашып, бийлик үчүн болгон күрөштө, отурукташкан калк м-н көчмөн элдин ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө чоң роль ойногон. Ордодо тынымсыз жүрүп турган саясий оюндар акыры Нүзүптүн түбүнө жетерин билип, андан айрылса, бийликтен да айрыларын күйөөсү Шералыга бир нече жолу эскерткен. Уулу Кудаяр хан да Ж-дын акылынан чыкпаган. Ж. ордодогу хан сарайдын короосунда кышы-жайы кыргыздын боз үйүн тиктирип, өмүрү өткөнчө ошондо жашаган. Ж. өлгөндө Кудаяр хан үч күн бою тынбай ыйлап, сөөгүн көтөрүшүп барып, өз колу м-н көмгөнү тарыхый булактарда айтылат.
Ад.: Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007; Наливкин В. П. Краткая
история Кокандского ханства. Казань, 1886; Алымбектин санжырасы. Б., 2007. Ж. Алымбаев.