ЖАРМА-САЙ ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРМА-САЙ ЧОПО КЕНИ – Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Сүлүктү ш-нан 4 км батышта, деңиз деңг. 1120–1319 м бийикте жайгашкан. 1968–69-ж. Түш. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен эки аянтка бөлүнөт. Бирин­чи аянт төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон ку­майлуу топурактан турат. Кумайлуу топурак­тын астында шагыл жатат, үстү 0,3–0,5 м ка­лыңдыктагы кыртыш м-н жабылып турат. Ку­майлуу топурактын калыңдыгы 3,0 мден 18,0 мге чейин өзгөрөт, орточосу 8,3 мди түзөт. Ку­майлуу топурак лёсс сымал, өңү саргыч-боз түстө. Экинчи аянт палеоген мезгилинде пайда болгон чоподон түзүлгөн. Чопонун өңү саргыч күрөңдөн кызылга чейин өзгөрөт, сууда начар жумшарат, гипстүү. Уз. 1000–1100 м созулат, калыңдыгы 30 мден 56 мге чейин өзгөрөт. Ай­мактын кумайлуу топурагына, экинчи аймак­тын чопосунан 20% кошсо, «75» ж-а «100» мар­касындагы кыш даярдоого жарайт. Кумайлуу топурактын бекитилген запасы: В – 920 миң м3, 3 3 Соц. Эмг. Баатырлары А. Абдукаримов, С. Али­мов туулган.