ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ – эки же бир нече жарык толкундары кабатталганда, жарык энергиясынын мейкиндикте кайра бөлүштүрүлүшү, б. а. алардын ургаалдуулугунун (интенсивдүүлүгүнүн) күчөшү ж-а басаңдашы. Ж. и. экранда же башка бетте жарык же караңгы тилкелер түрүндө байкалат. Когеренттүү толкундар гана Ж. и-н берет. Ж. и-н алгач И. Ньютон байкаган, бирок ал өзүнүн корпускулалык теориясы м-н бул кубулушту түшүндүрө алган эмес. 19-к-дын башында англ. окумуштуу Т. Юнг ж-а фр. физик О. Френель Ж. и-н толкун кубулушу иретинде түшүндүргөн. Ж. и. нурлардын толкун узундугун өлчөөдө, заттардын спектр сызыгын, тыгыздыгын, сынуу көрсөткүчүн, оптикалык нерселердин сапатын ж. б-ды аныктоодо колдонулат. Интерференция кубулушунун негизинде оптиканын жаңы тармагы голография өнүгүүдө.