ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ</b> – эки же бир нече жарык толкундары кабатталганда, <i>жарык энергиясынын</i> мейкиндикте кайра бөлүштү­рүлүшү, | <b type='title'>ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ</b> – эки же бир нече жарык толкундары кабатталганда, <i>жарык энергиясынын</i> мейкиндикте кайра бөлүштү­рүлүшү, башкача айтканда алардын ургаалдуулугунун (интен­сивдүүлүгүнүн) күчөшү ж-а басаңдашы. Жарык интерференциясы эк­ранда же башка бетте жарык же караңгы тил­келер түрүндө байкалат. Когеренттүү толкундар гана жарык интерференциясын берет. Жарык интерференциясын алгач И. Ньютон бай­каган, бирок ал өзүнүн корпускулалык теория­сы м-н бул кубулушту түшүндүрө алган эмес. 19-кылымдын башында англиялык окумуштуу Т. Юнг ж-а франциялык физик О. Френель жарык интерференциясын толкун кубу­лушу иретинде түшүндүргөн. Жарык интерференциясы нурлардын толкун узундугун өлчөөдө, заттардын спектр сы­зыгын, тыгыздыгын, сынуу көрсөткүчүн, опти­калык нерселердин сапатын ж. б. аныктоодо колдонулат. Интерференция кубулушунун не­гизинде оптиканын жаңы тармагы <i>голография</i> өнүгүүдө. | ||
өнүгүүдө. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
08:28, 3 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРЫК ИНТЕРФЕРЕНЦИЯСЫ – эки же бир нече жарык толкундары кабатталганда, жарык энергиясынын мейкиндикте кайра бөлүштүрүлүшү, башкача айтканда алардын ургаалдуулугунун (интенсивдүүлүгүнүн) күчөшү ж-а басаңдашы. Жарык интерференциясы экранда же башка бетте жарык же караңгы тилкелер түрүндө байкалат. Когеренттүү толкундар гана жарык интерференциясын берет. Жарык интерференциясын алгач И. Ньютон байкаган, бирок ал өзүнүн корпускулалык теориясы м-н бул кубулушту түшүндүрө алган эмес. 19-кылымдын башында англиялык окумуштуу Т. Юнг ж-а франциялык физик О. Френель жарык интерференциясын толкун кубулушу иретинде түшүндүргөн. Жарык интерференциясы нурлардын толкун узундугун өлчөөдө, заттардын спектр сызыгын, тыгыздыгын, сынуу көрсөткүчүн, оптикалык нерселердин сапатын ж. б. аныктоодо колдонулат. Интерференция кубулушунун негизинде оптиканын жаңы тармагы голография өнүгүүдө.