ЖАРЫК ӨТКӨРГҮЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРЫК ӨТКӨРГҮЧ – жарыкты багыт б-ча өткөрүүчү же берүүчү жабык түзүлмө. Ал орто­сунда, ички радиусу r1, cынуу көрсөткүчү n1 бол­гон оптикалык тунук диэлектрдик жипченин сыртына сынуу көрсөткүчү n2, радиусу r2 болгон диэлектрик м-н капталган узун система түрүндө болот. Мындай системанын ички бөлүгү аркы-

1990-жылдан баштап, ийилгич ж-а оптикалык тунук диэлектриктерди жасоо технологиясынын пайда болушу, аталган кубулуштун колдонулу­шунун дүркүрөп өсүшүнө алып келген. Мындай ичке жипченин диаметри бир мкмден жүздөгөн мкмге жетиши мүмкүн. Диэлектриктердин ички диаметрин, сынуу көрсөткүчтөрдүн айырмасын (n1n2 ) тандоо м-н бир эле жипче аркылуу бир же бир нече типтеги толкундарды (модаларды) таркатууга болот. Лазер, жарык күчөткүч ж. б. элементтердин пайда болушу, мындай Ж. ө-түн оптикалык байланыш системаларын түзүү­дө, компьютерде, медицинада, эң чоң кубат­туулуктагы лазер нурларын тиешелүү жерлерге жеткирүүдө ж. б. максаттарда кеңири колдону-