ЖАРЫК ШАҢЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАРЫК ШАҢЫ (с в е т о т е н ь) – объектинин үстүнкү бетинин түспөлү, өзгөчөлүгү м-н шартталган көлөмдү ж-а рельефти көз м-н кабылдоого мүмкүнчүлүк берген жарык ж-а көлөкө жерлеринин бөлүштүрүлүшү. Живописте ж-а графикада Ж. ш. нерсенин көлөмүн ж-а жарыкаба катмары м-н курчалган чөйрөнү кабылдоого мүмкүнчүлүк берген ар түрдүү түстөрдүн же бир эле түстүн оттенкаларынын бөлүштүрүлүшү. Ж. ш-нын градациясы (эң ачыктыктан аябагандай караңгылыкка чейин) жарыктандыруунун мүнөзүнө, нерсенин көлөм өзгөчөлүгүнө, түспөлүнө, атм-нын абалына байланыштуу. Ж. ш-на байыркы дүйнөнүн живописчилери да кайрылган. Ж. ш. ж-а анын теориясы Кайра жаралуу доорунун чеберлери (өзгөчө Леонардо да Винчи) тарабынан иштелип чыккан. Ошондон бери чыгарманын эмоциялык таасирин күчөтүү максатында колдонулат.