ЖАРЫК ЭТАЛОНДОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРЫК ЭТАЛОНДОРУжарыкты жогорку тактыкта өлчөөчү, бирдиктерди сактоочу ж-а салыштыруучу чендер. Жарык өлчөөнүн бирдей­лигин камсыз кылат. Негизги ж-а туунду Ж. э. болуп каралат. Негизги Ж. э. болуп жарык күчүнүн бирдиги кандела (кд) колдонулат. Ал платинанын катуулануу темп-расында абс. кара нерсенин касиеттерине ээ. Анын жаркыракты­гы 6⋅105 кд/м2. 1979-жылдан баштап Эл аралык жарык стандарттоо к-тинин чечими б-ча кан­делага жаңы аныктама берилген. Кандела – СИдеги негизги бирдиктердин бири. Туунду Ж. э-нда жарык агымынын, жарыктаныштын ж. б. чоңдуктардын бирдиктерин камсыз кылуу­чу, ар түрдүү түзүлүштөгү ж-а темп-радагы электр лампаларынын тобу колдонулат.