ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР (алеттер) – жарым өткөргүчтөрдүн касиеттерине негизде­лип жасалган электрондук приборлордун (алет­тердин) жалпы аты. Ж. ө. п-го варисторлор, жа­рым өткөргүчтүү диоддор, транзисторлор, фото­резисторлор, фотодиоддор, фотоэлементтер ж. у. с. кирет. Ал электрдик термелүүлөрдү пайда кылуу, күчөтүү ж-а кайра өзгөртүү (диод, тран­зистор, тиристор), бир сигналды башка сигнал­га (фоторезистор, фотодиод, фототранзистор ж. б.) ж-а энергияны бир түрдөн башка түргө (термоэлемент, термоэлектрдик генератор, күн батареясы ж. б.) өзгөртүү, о. эле электрдик ж-а мех. чоңдуктарды өлчөө үчүн колдонулат. Ж. ө. п. электр вакуумдук приборлорго салыш­тырганда компакттуу, талап кылынган кубат­туулугу ж-а массасы аз; бышыктыгы, иштөө мөөнөтү ж-а ишенимдүүлүгү жогору. Жарым өткөргүчтүү интегралдык микросхемалар Ж. ө. п-дун өзгөчө классын түзөт. Интегралдык мик­росхема (чип) – толук жеткиликтүү электрон­дук чынжыр. Азыркы кездеги компьютерлердин аппарат бөлүктөрү ар кандай микропроцессор­дук чиптердин негизинде куралган.