ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР (алеттер) </b>– жарым өткөргүчтөрдүн касиеттерине негизде­лип жасалган электрондук приборлордун (алет­тердин) жалпы аты. | <b type='title'>ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР (алеттер) </b>– жарым өткөргүчтөрдүн касиеттерине негизде­лип жасалган электрондук приборлордун (алет­тердин) жалпы аты. Жарым өткөргүч приборлорго варисторлор, жа­рым өткөргүчтүү диоддор, транзисторлор, фото­резисторлор, фотодиоддор, фотоэлементтер ж. у. с. кирет. Ал электрдик термелүүлөрдү пайда кылуу, күчөтүү ж-а кайра өзгөртүү (диод, тран­зистор, тиристор), бир сигналды башка сигнал­га (фоторезистор, фотодиод, фототранзистор ж. б.) ж-а энергияны бир түрдөн башка түргө (термоэлемент, термоэлектрдик генератор, күн батареясы ж. б.) өзгөртүү, ошондой эле электрдик ж-а механикалык чоңдуктарды өлчөө үчүн колдонулат. Жарым өткөргүч приборлор электр вакуумдук приборлорго салыш­тырганда компакттуу, талап кылынган кубат­туулугу ж-а массасы аз; бышыктыгы, иштөө мөөнөтү ж-а ишенимдүүлүгү жогору. Жарым өткөргүчтүү интегралдык микросхемалар жарым өткөргүч приборлордун өзгөчө классын түзөт. Интегралдык мик­росхема (чип) – толук жеткиликтүү электрон­дук чынжыр. Азыркы кездеги компьютерлердин аппарат бөлүктөрү ар кандай микропроцессор­дук чиптердин негизинде куралган. | ||
өткөргүчтүү интегралдык микросхемалар | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
05:59, 4 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРЫМ ӨТКӨРГҮЧ ПРИБОРЛОР (алеттер) – жарым өткөргүчтөрдүн касиеттерине негизделип жасалган электрондук приборлордун (алеттердин) жалпы аты. Жарым өткөргүч приборлорго варисторлор, жарым өткөргүчтүү диоддор, транзисторлор, фоторезисторлор, фотодиоддор, фотоэлементтер ж. у. с. кирет. Ал электрдик термелүүлөрдү пайда кылуу, күчөтүү ж-а кайра өзгөртүү (диод, транзистор, тиристор), бир сигналды башка сигналга (фоторезистор, фотодиод, фототранзистор ж. б.) ж-а энергияны бир түрдөн башка түргө (термоэлемент, термоэлектрдик генератор, күн батареясы ж. б.) өзгөртүү, ошондой эле электрдик ж-а механикалык чоңдуктарды өлчөө үчүн колдонулат. Жарым өткөргүч приборлор электр вакуумдук приборлорго салыштырганда компакттуу, талап кылынган кубаттуулугу ж-а массасы аз; бышыктыгы, иштөө мөөнөтү ж-а ишенимдүүлүгү жогору. Жарым өткөргүчтүү интегралдык микросхемалар жарым өткөргүч приборлордун өзгөчө классын түзөт. Интегралдык микросхема (чип) – толук жеткиликтүү электрондук чынжыр. Азыркы кездеги компьютерлердин аппарат бөлүктөрү ар кандай микропроцессордук чиптердин негизинде куралган.