ЖАРЫШ ТУТАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАРЫШ ТУТАШТЫРУУ – эки уюлдуу (эки кыскычтуу) элементтерди (электр кабыл алгычтарын) электр тизмегине кыскычтарынын ортосундагы чыңалуу дайыма бирдей болгондой кылып туташтыруу ыкмасы. Чыңалуу дайыма туруктуу болгондуктан, тизмекке туташтырылган бир элементти бириктиргенде же ажыратканда, тизмектин калган элементтеринин иштешине эч кандай таасир тийбейт. Мунун өзү бөлүштүргүч тармакка электр лампаcын, ысытуучу прибор, электр кыймылдаткычтарды туташтырууга мүмкүндүк берет. Электр кыймылдаткыч күчү болбогон элементтерди Ж. т-да алардагы токтун күчү каршылыктарына тескери пропорциялаш болот. Элементтерди Ж. т-дагы жалпы токтун күчү туташтырылган тарамдагы токтун жалпы суммасына – туруктуу ток үчүн алг. суммасына ж-а өзгөрмө ток үчүн вектордук суммасына барабар.