ЖАСАЛГАЛОО ИШТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАСАЛГАЛОО ИШТЕРИ (курулушта) – пайдалануу ж-а кооздук сапаттарын жогорулатуу үчүн имараттардын ж-а курулуштардын ичитышын жасалгалоо м-н байланышкан курулуш жумуштары. Ж. и. курулуштун акыркы этабы болуп саналат ж-а анын баалуулугу сапаттуу бүткөрүлүшүнө жараша болот. Негизги Ж. и-не имараттын бетин шыбоо, кооздоо, алдын тактайлоо, сырдоо, туштук кагаз (обои) чаптоо, айнектөө жумуштары кирет. Акыркы учурда курулуш аянттарына даяр түрүндө жеткирилип, чогултулуучу ири өлчөмдөгү констр-лар ж-а з-ддо жасалуучу тетиктер (үстүн жапкыч ж-а дубал панелдери, санит.-тех. кабиналар, терезе ж-а эшик блоктору) кеңири колдонула башта-
ды. Булар Ж. и-нин жалпы көлөмүн азайтат. Курулуш объектилеринде Ж. и-нин көлөмүн бир топ азайтуучу, ишти тездетүүчү ж-а жеңилдетүүчү механикалаштырылган ар кандай каражаттар (шыбоочу ж-а сырдоочу кыймылдуу станциялар, полимер материалдардан пол салуучу агрегаттар, жылчык бүтөөчү аппараттар, жылмалоочу ж-а сүрүүчү машиналар, термелгич насостор ж. б.) колдонулат. Азыркы курулуштарда негизги Ж. и-не – жасалгалоочу эритмелер ж-а бетондор, жаратылыш ж-а жасалма таш материалдары, жасалгалоочу карапа, жыгач материалдар м-н буюмдар, кагаз, айнек, пластмасса, металл, лак-сырлар кирет. Ж. и. эмгекти
өтө көп талап кылган майда жумуш ж-а курулуш-монтаждоо ишиндеги эмгек чыгымдарынын 35%ке чейинин түзөт.