ЖАСАЛМА ЖИБЕК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАСАЛМА ЖИБЕК – хим. жол м-н алынган була. Хим. булалар жасалма (айнек, вискоза, ацетат буласы) ж-а синтездик (капрон, лавсан ж. б.) болуп айырмаланат. Алгачкы целлюлоза­дан жасалган буланы англ. химик Кросс 1892-ж. алган. Ал вискозалуу ж-а ацетаттуу болуп бө­лүнөт. Экөө тең табигый целлюлозадан, негизи­нен жыгачтан же пахта тыбытынан өндүрүлөт. Синтездик була сыяктуу эле Ж. ж. ар кандай жоондукта, кыска же штапелдүү була, о. эле узун кездеме жиби түрүндө даярдалат. Жаңы синтез­дик булалар пайда болсо дагы, Ж. ж. азыркы убакытка чейин текстиль ө. ж-нда колдонулууда.