ЖАСАЛМА ТАНДОО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАСАЛМА ТАНДОО – чарбачылыкта баалуу жаныбар тукумун ж-а өсүмдүк сортторун тандап өстүрүү ыкмасы. «Ж. т.» терминин илимге 1859-ж. Ч. Дарвин киргизген. Ал Ж. т-ну эгилме өсүмдүк м-н малдын акырындык м-н өөрчүшүндө негизги себеп деп көрсөткөн. Эгилме өсүмдүк м-н малдын сорттук же породалык түрүнүн ар бир тобу алар жапайы тегинин түрлөрүнөн келип чыкканын аныктаган. Мис., бардык үй көгүчкөнү жапайы аска көгүчкөндөрүнөн, бакма тооктордун бардыгы жапайы тооктон (банкив тоогунан), огород капустасы жапайы капустадан келип чыккан. Ж. т. сезимсиз ж-а методикалык болуп бөлүнөт. С е з и м с и з Ж. т-до байыркы малчы ж-а дыйкандар өсүмдүк м-н жаныбарлардын эң оболу сапаттууларын сактап, кийин алардан жакшы тукум алышкан. Бул сезимсиз тандоо организмдердин генефонундагы мутациялык өзгөрүштү автоматтык түрдө сактап калып, натыйжада жаңы сорт ж-а порода пайда болгон. Сезимсиз Ж. т. мех. таасири ж-а жыйынтыгы б-ча табигый тандалууга жакын. М е т о д и к а л ы к Ж. т. –
алдын ала коюлган максаттарга ылайык методикалык жол м-н пландуу түрдө жүргүзүлүп, а. ч. өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун ж-а үй жаныбарларынын жаңы породаларын чыгаруунун негизги жолу. А. ч-да методикалык тандоо жапырт ж-а жекече тандоо жолу м-н жүргүзүлөт.