ЖАСМИН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЖАСМИ́Н – өсүмдүктөрдүн гидрангиялар туку­мундагы кооз бадал. Ал экиге бөлүнөт: 1) б а к Ж-дин (Philadelphus) жалбырагы тушташ жай­гашкан, бүтүн кырдуу, гүлү ак же боз, жыттуу. Евразия м-н Түш. Американын мелүүн алкак­тарында 75; 3–4 түрү (Кавказ ж-а Ы. Чыгышта) өсөт. Кооз өсүмдүк катары ири гүлдүү Ж., жыт­туу Ж., о. эле гибрид сорттору (Лавина, Монб­лан, Глетчер ж. б.) өстүрүлөт; 2) к а д и м к и Ж. (Jasminum) – жалбырагын күбүмө же дайы­ма жашыл бадал же лиана. Гүлү ак, сары же кызгылт, жыттуу. Тропик ж-а субтропик зона­да 300дөй түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 түрү Крым, Кавказ, О. Азияда өсөт. Ири гүлдүү Ж. м-н жыттуу Ж-дин гүлүнөн эфир майы алы­нып, атыр жасоодо пайдаланылат. Индия Ж-и – дайыма жашыл лиана өсүмдүгү, кооздук үчүн үйдө өстүрүлөт.