ЖЕБИЛГЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:26, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖЕБИЛГЕ (к и с т ь) – сүрөтчүнүн живопись техникасынын түрдүү талаптарына атайын ыңгайлаштырылган эң маанилүү аспабы. Жасалыш материалына карай Ж. катуу (жоон кылдуу), жумшак (күзөн, кашкулак, эчки, тыйын чычкандын терисинен узатасынан жасалган ж. б.); формасы б-ча – жалпак ж-а тегерек, учтуу ж-а шуштугуй эмес; кылынын узундугуна карата – кыска ж-а узун болуп бөлүнөт. Ж-нин көлөмү станок живописи үчүн 24кө чейин жеткен, көбүрөөк жуп сан м-н белгиленген атайын номер ж-а аталыштар (мис. Флейц) м-н берилет, гравюрада өзгөчө зым ж-а айнек Ж-лер колдонулат. Кээде (көбүнчө графикада) «Ж.» термини аткарылыш ыкмасын (мис., кургак) көрсөтөт.