ЖЕДИГЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЕДИГЕР</b> – кыргыздардын оң канат уруулук бирикмесиндеги тагай тукумуна караштуу уруу. Кыргыз санжыраларында Ж. <i>Тагай бийдин</i> Кой&shy;лон деген баласынан тарап, 17-к-дын жазмасы
<b type='title'>ЖЕДИГЕР</b> – кыргыздардын оң канат уруулук бирикмесиндеги тагай тукумуна караштуу уруу. Кыргыз санжыраларында жедигер <i>Тагай бийдин</i> Кой&shy;лон деген баласынан тарап, 17-кылымдын жазмасы «<i>Мажму ат-таварихте</i>» да кыргыз уруусунун бири экени белгиленет. Жедигердин этногенези жөнүндө атайы изилдөөлөр кеңири деңгээлде жүрө элек. Айрым көз караштарда, башкача айтканда кыргыз тарыхчы&shy;сы А. Мокеевдин эмгектеринде жедигер уруусунун түпкү теги орто кылымдардагы огуз урууларынын бири йадгарлар м-н байланыштырылат. Оку&shy;муштуунун пикиринде этнонимдердин окшош&shy;туктарынан (жедигер = йадгар) сырткары эл&shy;дик фольклордогу «Койлондон кооз Жедигер» деген сөздөгү «кооз» деген түшүнүк орто кылымда «гуз» (огуз) терминен жаралып, кийин өз маа&shy;нисин жоготуп (көөнө сөзгө айланып), кыргыз тилине ыңгайланып «кооз» болуп калгандыгы божомолдонгон. Жедигер уруусунун байыркы уруу&shy;лардан экени «Манас» эпосунда да «Жети-Суу&shy;ну жердеген жедигерлер» деп белгиленет. Ки&shy;йинки учурларда жедигер уруусунун ички курамы&shy;нын аталыштары унутула баштап, ар кайсы ай&shy;мактарда ар түрдүү айтылып калган. Ошондук&shy;тан, аларды талдоодо кыйынчылыктар кезигет. Жедигер уруусунун урук бутактары негизинен асан тукуму, үсөн тукуму, маңгытай, орус, долу, то&shy;кобай ж. б. болуп таралып, алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Кор&shy;гон, Сузак райондорунда, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата шаарларында ж-а айрым майда бөлүктөрү Нарын, Чүй облустарынын айыл-кыштактарында жашашат. Кант районуна караштуу бир айыл 1950- жылдарга чейин Жедигер аталган.
«<i>Мажму ат-таварихте</i>» да кыргыз уруусунун бири экени белгиленет. Ж-дин этногенези ж-дө атайы изилдөөлөр кеңири деңгээлде жүрө элек. Айрым көз караштарда, б. а. кыргыз тарыхчы&shy;сы А. Мокеевдин эмгектеринде Ж. уруусунун түпкү теги о. кылымдардагы огуз урууларынын бири йадгарлар м-н байланыштырылат. Оку&shy;муштуунун пикиринде этнонимдердин окшош&shy;туктарынан (жедигер = йадгар) сырткары эл&shy;дик фольклордогу «Койлондон кооз Жедигер» деген сөздөгү «кооз» деген түшүнүк о. кылымда
«гуз» (огуз) терминен жаралып, кийин өз маа&shy;нисин жоготуп (көөнө сөзгө айланып), кыргыз тилине ыңгайланып «кооз» болуп калгандыгы божомолдонгон. Ж. уруусунун байыркы уруу&shy;лардан экени «Манас» эпосунда да «Жети-Суу&shy;ну жердеген жедигерлер» деп белгиленет. Ки&shy;йинки учурларда Ж. уруусунун ички курамы&shy;нын аталыштары унутула баштап, ар кайсы ай&shy;мактарда ар түрдүү айтылып калган. Ошондук&shy;тан, аларды талдоодо кыйынчылыктар кезигет. Ж. уруусунун урук бутактары негизинен асан тукуму, үсөн тукуму, маңгытай, орус, долу, то&shy;кобай ж. б. болуп таралып, алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад обл-нун Ноокен, Базар-Кор&shy;гон, Сузак р-ндорунда, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата ш-нда ж-а айрым майда бөлүктөрү Нарын, Чүй обл-нун айыл-кыштактарында жашашат. Кант р-нуна караштуу бир айыл 1950- жылдарга чейин Жедигер аталган.
<i>Р. Жолдошов.</i> [[Категория:3-том, 215-326 бб]]


<i>Р. Жолдошов.</i>
[[Категория:3-том, 215-326 бб]]

03:35, 10 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕДИГЕР – кыргыздардын оң канат уруулук бирикмесиндеги тагай тукумуна караштуу уруу. Кыргыз санжыраларында жедигер Тагай бийдин Кой­лон деген баласынан тарап, 17-кылымдын жазмасы «Мажму ат-таварихте» да кыргыз уруусунун бири экени белгиленет. Жедигердин этногенези жөнүндө атайы изилдөөлөр кеңири деңгээлде жүрө элек. Айрым көз караштарда, башкача айтканда кыргыз тарыхчы­сы А. Мокеевдин эмгектеринде жедигер уруусунун түпкү теги орто кылымдардагы огуз урууларынын бири йадгарлар м-н байланыштырылат. Оку­муштуунун пикиринде этнонимдердин окшош­туктарынан (жедигер = йадгар) сырткары эл­дик фольклордогу «Койлондон кооз Жедигер» деген сөздөгү «кооз» деген түшүнүк орто кылымда «гуз» (огуз) терминен жаралып, кийин өз маа­нисин жоготуп (көөнө сөзгө айланып), кыргыз тилине ыңгайланып «кооз» болуп калгандыгы божомолдонгон. Жедигер уруусунун байыркы уруу­лардан экени «Манас» эпосунда да «Жети-Суу­ну жердеген жедигерлер» деп белгиленет. Ки­йинки учурларда жедигер уруусунун ички курамы­нын аталыштары унутула баштап, ар кайсы ай­мактарда ар түрдүү айтылып калган. Ошондук­тан, аларды талдоодо кыйынчылыктар кезигет. Жедигер уруусунун урук бутактары негизинен асан тукуму, үсөн тукуму, маңгытай, орус, долу, то­кобай ж. б. болуп таралып, алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Кор­гон, Сузак райондорунда, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата шаарларында ж-а айрым майда бөлүктөрү Нарын, Чүй облустарынын айыл-кыштактарында жашашат. Кант районуна караштуу бир айыл 1950- жылдарга чейин Жедигер аталган.

Р. Жолдошов.