ЖЕЛТОКСАН (ДЕКАБРЬ) ОКУЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕЛТОКСАН (ДЕКА́БРЬ) ОКУЯСЫ – </b>1986-жыл­дын 17–19-декабрында Алматыда болгон казак жаштарынын тоталитардык саясатка каршы нааразылык кыймылы. 1986- | <b type='title'>ЖЕЛТОКСАН (ДЕКА́БРЬ) ОКУЯСЫ – </b>1986-жыл­дын 17–19-декабрында Алматыда болгон казак жаштарынын тоталитардык саясатка каршы нааразылык кыймылы. 1986-жылы 16-декабрда Ка­закстан КП БКнын Пленуму өткөрүлүп, анда ка­зак элинин пикири эске алынбастан, КПСС БКнын көрсөтмөсү м-н Д. А. Кунаевдин Казак­стан КП БКнын 1-секретары кызматынан алы­нышы ж-а ордуна орус улутундагы Г. В. Кол­биндин (мурда Грузия КП БКнын 2-секретары) ке­лиши кыймылдын башталышына түрткү бол­гон. 17-декабрь күнү эртең мененки саат 8де Казакстан КП БКнин имаратынын алдындагы Л. И. Брежнев атындагы (азыркы «Республика») аян­тында мектеп окуучулары, студенттер, жумуш­чу жаштар, ошондой эле ЖОЖдун окутуучуларынын катышуусундагы тынчтык жүрүшү башталып, кечинде алардын саны 20 миңге чейин жеткен. Чогулгандар борбордун кадр маселесин чечүүдөгү бир жактуу аракеттерин сынга алып, маанилүү иштерди чечүүдө республиканын бийлик уюмдарынын пикирин да эске алуу ж-а жергиликтүү калктын өкүл­дөрүнөн чыккан саясий ишмерлерге тоскоолдук кылбоо, республиканын өз алдынчылыгын, улуттук тилдин ж-а маданияттын өнүгүүсүнө зарыл шарт­тарды камсыз кылуу талаптарын коюшкан. Кыймылды басуу, анын катышуучуларын күч м-н таратуу максатында Казак ССР ИИМдин ж-а МККнын аскер бөлүктөрү, Алматы чек ара окуу жайынын курсанттары, СССР ИИМдин ко­шумча атайын күчтөрү тартылган. Митингчи­лер м-н кагылышуу башталып, аларга каршы курал катары сапёрдук күрөктөр, атайын үйрөтүлгөн иттер, өрт өчүрүүчү машиналар ж-а бронетранспортёрлор колдонулган. Бийлик м-н козголоңчулардын тирешүүсүнөн улам «Казак­стан казактар үчүн!», «Орустар Казакстандан чыгып кетсин!» деген сыяктуу ураандар пайда болгон. Ошол эле мезгилде Казакстан КП БКнын имаратына чабуул даярдалып жатканы туура­луу Москвага маалымат түшүп, М. С. Горбачёв окуялардын чиеленишине жол бербөө талабы м-н Д. Кунаевге кайрылган. Кечке жуук көтө­рүлүш күч м-н басылган. 18-декабрда аянтка кай­радан өтүүгө аракеттенген митингчилердин ай­рым топтору куулуп-таркатылып, козголоңчу­ларга катуу жаза көрүлгөн. Желтоксан (Декабрь) окуясынын жүрүшүндө 8500 адам кармалып, жазаланган. 6 киши курман болуп, 1720дай киши жаракат алган. ИИМдин 1200 кызматкери иштен бошо­тулган, | ||
катышуусундагы тынчтык жүрүшү башталып, кечинде алардын саны 20 миңге чейин жеткен. | |||
бир жактуу аракеттерин сынга алып, маанилүү иштерди чечүүдө | |||
үйрөтүлгөн иттер, өрт өчүрүүчү машиналар ж-а | |||
бронетранспортёрлор колдонулган. Бийлик м-н козголоңчулардын тирешүүсүнөн улам «Казак­стан казактар үчүн!», «Орустар Казакстандан | |||
чыгып кетсин!» деген сыяктуу ураандар пайда болгон. Ошол эле мезгилде Казакстан | |||
гун-сүргүнгө учураган. 1987-ж. КПСС БКнын Сая­сий бюросу Желтоксан (Декабрь) окуясын «казак улутчулдугунун көрүнүшү» катары баалаган (1990-ж. Казакстан КП БКнын демилгеси м-н мындай баа туура эмес деп табылган). Бул окуя тоталитардык саясат­ка каршы казак жаштарынын азаттык күрөшү болгон. Казакстан көз каранды эместигин ал­ган соң, Желтоксан (Декабрь) окуясы тууралуу чындык калыбына келтирилип, бул ж-дө «Желтоксан», «Желток­сан курмандыктарын эскерүү», «Эр намысы – эл намысы» ж. б. эмгектер жаралып, «Алла­жар», «Кызгыш күс» кинофильмдери тартылган. [[Категория:3-том, 215-326 бб]] |
08:08, 11 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕЛТОКСАН (ДЕКА́БРЬ) ОКУЯСЫ – 1986-жылдын 17–19-декабрында Алматыда болгон казак жаштарынын тоталитардык саясатка каршы нааразылык кыймылы. 1986-жылы 16-декабрда Казакстан КП БКнын Пленуму өткөрүлүп, анда казак элинин пикири эске алынбастан, КПСС БКнын көрсөтмөсү м-н Д. А. Кунаевдин Казакстан КП БКнын 1-секретары кызматынан алынышы ж-а ордуна орус улутундагы Г. В. Колбиндин (мурда Грузия КП БКнын 2-секретары) келиши кыймылдын башталышына түрткү болгон. 17-декабрь күнү эртең мененки саат 8де Казакстан КП БКнин имаратынын алдындагы Л. И. Брежнев атындагы (азыркы «Республика») аянтында мектеп окуучулары, студенттер, жумушчу жаштар, ошондой эле ЖОЖдун окутуучуларынын катышуусундагы тынчтык жүрүшү башталып, кечинде алардын саны 20 миңге чейин жеткен. Чогулгандар борбордун кадр маселесин чечүүдөгү бир жактуу аракеттерин сынга алып, маанилүү иштерди чечүүдө республиканын бийлик уюмдарынын пикирин да эске алуу ж-а жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн чыккан саясий ишмерлерге тоскоолдук кылбоо, республиканын өз алдынчылыгын, улуттук тилдин ж-а маданияттын өнүгүүсүнө зарыл шарттарды камсыз кылуу талаптарын коюшкан. Кыймылды басуу, анын катышуучуларын күч м-н таратуу максатында Казак ССР ИИМдин ж-а МККнын аскер бөлүктөрү, Алматы чек ара окуу жайынын курсанттары, СССР ИИМдин кошумча атайын күчтөрү тартылган. Митингчилер м-н кагылышуу башталып, аларга каршы курал катары сапёрдук күрөктөр, атайын үйрөтүлгөн иттер, өрт өчүрүүчү машиналар ж-а бронетранспортёрлор колдонулган. Бийлик м-н козголоңчулардын тирешүүсүнөн улам «Казакстан казактар үчүн!», «Орустар Казакстандан чыгып кетсин!» деген сыяктуу ураандар пайда болгон. Ошол эле мезгилде Казакстан КП БКнын имаратына чабуул даярдалып жатканы тууралуу Москвага маалымат түшүп, М. С. Горбачёв окуялардын чиеленишине жол бербөө талабы м-н Д. Кунаевге кайрылган. Кечке жуук көтөрүлүш күч м-н басылган. 18-декабрда аянтка кайрадан өтүүгө аракеттенген митингчилердин айрым топтору куулуп-таркатылып, козголоңчуларга катуу жаза көрүлгөн. Желтоксан (Декабрь) окуясынын жүрүшүндө 8500 адам кармалып, жазаланган. 6 киши курман болуп, 1720дай киши жаракат алган. ИИМдин 1200 кызматкери иштен бошотулган,
гун-сүргүнгө учураган. 1987-ж. КПСС БКнын Саясий бюросу Желтоксан (Декабрь) окуясын «казак улутчулдугунун көрүнүшү» катары баалаган (1990-ж. Казакстан КП БКнын демилгеси м-н мындай баа туура эмес деп табылган). Бул окуя тоталитардык саясатка каршы казак жаштарынын азаттык күрөшү болгон. Казакстан көз каранды эместигин алган соң, Желтоксан (Декабрь) окуясы тууралуу чындык калыбына келтирилип, бул ж-дө «Желтоксан», «Желтоксан курмандыктарын эскерүү», «Эр намысы – эл намысы» ж. б. эмгектер жаралып, «Аллажар», «Кызгыш күс» кинофильмдери тартылган.