ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ – Жер шарынын белгилүү бир оруну (аймагы) үчүн аныкталган убакыт. Ал жылдыз убакыты (астрометрияда), чыныгы күн убакыты, орт. күн убакыты болуп айырмаланат. Ж. у. ошол жердин геогр. узундугуна байланыштуу ж-а меридиандын бардык чекиттеринде бирдей болот. Эки башка жердин Ж. у-нын айырмасы ошол жердеги меридиандардын айырмасы м-н өлчөнөт. Ж. у. ошол жердеги астр. байкоолордун негизинде (Күн сааттары аркылуу) аныкталат. Ж. у. мурда тиричиликте кеңири колдонулса, 19-к-дан баштап көпчүлүк өлкөлөрдө алкак убактысы м-н алмаштырыла баштаган.