ЖЕРДЕ-СУУДА ЖАШООЧУЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕРДЕ-СУУДА ЖАШООЧУЛАР</b> , а м ф и б и я­л а р (Аmphibiа) – жер бетинде жашоочу омурт­калуу жаныбарлар классы. Булар – адегенде сууда жашап, кийин сууда да, кургакта да жа­шай баштаган алгачкы омурткалуу жаныбар­лар. <i>Балыктар</i> сыяктуу урук таштайт, <i>мета­морфоз</i> жолу м-н өөрчүйт. Дене темп-расы ту­руксуз, чөйрөгө жараша өзгөрүп турат. Азыркы амфибиялардын 3 түркүмгө (бутсуз, куйруктуу ж-а куйруксуз | <b type='title'>ЖЕРДЕ-СУУДА ЖАШООЧУЛАР</b> , а м ф и б и я ­л а р (Аmphibiа) – жер бетинде жашоочу омурт­калуу жаныбарлар классы. Булар – адегенде сууда жашап, кийин сууда да, кургакта да жа­шай баштаган алгачкы омурткалуу жаныбар­лар. <i>Балыктар</i> сыяктуу урук таштайт, <i>мета­морфоз</i> жолу м-н өөрчүйт. Дене темп-расы ту­руксуз, чөйрөгө жараша өзгөрүп турат. Азыркы амфибиялардын 3 түркүмгө (бутсуз, куйруктуу ж-а куйруксуз жерде сууда жашоочулар.) бириккен 25–30дай ту­куму, 4000дөн ашык түрү белгилүү. КМШ өлкө­лөрүндө 13 тукумдун 34 түрү, Кыргызстанда 4 түрү кезигет. Бутсуздарынын денеси сүйрү, куйругу ж-а буту жок. Куйруктуулардын куйругу жак­шы өрчүгөн, буту ичке, кыска. | ||
[[File:ЖЕРДЕ-СУУДА ЖАШООЧУЛАР3.png | thumb | Жерде-сууда жашоочу­лар: 1 – муунак сөөлжан сымак; 2 – Кавказ са­ламандрасы; 3 – тем­гилдүү саламандра; 4 – Кичи Азия тритону; 5 – кызыл боор бака; 6 – Кавказ бакасы; 7 – да­ракчы бака; 8 – төтөчү кур бака; 9 – кадимки кур бака; 10 – саз бака­сы; 11 – темгилдүү бака; 12 – кадимки даракчыл бака; 13 – көлчүк бака­сы.]] Жумшак, ным­дуу териси алардын дем алуусу ж-а газ алмашуу­су үчүн чоң маанигэ ээ. Омурткалары 9–200гө | [[File:ЖЕРДЕ-СУУДА ЖАШООЧУЛАР3.png | thumb | Жерде-сууда жашоочу­лар: 1 – муунак сөөлжан сымак; 2 – Кавказ са­ламандрасы; 3 – тем­гилдүү саламандра; 4 – Кичи Азия тритону; 5 – кызыл боор бака; 6 – Кавказ бакасы; 7 – да­ракчы бака; 8 – төтөчү кур бака; 9 – кадимки кур бака; 10 – саз бака­сы; 11 – темгилдүү бака; 12 – кадимки даракчыл бака; 13 – көлчүк бака­сы.]] Жумшак, ным­дуу териси алардын дем алуусу ж-а газ алмашуу­су үчүн чоң маанигэ ээ. Омурткалары 9–200гө | ||
чейин же андан көп. Куйруксуз | чейин же андан көп. Куйруксуз жерде сууда жашоочулардын көпчүлүгүнүн кабыргасы толугу м-н жоюлуп кеткен, буту жуп, беш манжа сымал. Жамбаш сөөгү чычаң омурткасы м-н биригип өскөн. Ал­дыңкы мээси начар өөрчүгөн. Жетилген Ж.-с. ж-дын баары жаныбарлар м-н азыктанат. Же­тилгендеринин өпкөсү, хоанасы ж-а кекиртек кемирчеги болот. <i>Личинкаларынын</i> кан айла­нуусу балыктыкындай, жүрөгү метаморфоз ку­булушунан кийин 3 камералуу түзүлүштө. Эр­кегинин жуп аталык, ургаачысынын жуп эне­лик бези бар. Көпчүлүгү урук (28000ге чейин) таштайт. Бир азы гана тирүү тууйт. Айрым фор­маларында жыныс <i>диморфизми</i> даана байкалат. Көбү а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерин жок кылат, о. эле өздөрү башка айбанаттарга азык болот. Бир катар өлкөлөрдө тамак катары пай­даланылат. Ж. с. ж-дын 3 түрү – классикалык лабор. жаныбарлар. Кээ бир түрүнүн саны аза­йып, коргоого алынган. Алардын 41 түрү ж-а түрчөсү ТКЭСтин, 2 түрү Кырг-ндын Кызыл ки­тебине катталган. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
07:34, 16 Июнь (Кулжа) 2025 -деги абалы
ЖЕРДЕ-СУУДА ЖАШООЧУЛАР , а м ф и б и я л а р (Аmphibiа) – жер бетинде жашоочу омурткалуу жаныбарлар классы. Булар – адегенде сууда жашап, кийин сууда да, кургакта да жашай баштаган алгачкы омурткалуу жаныбарлар. Балыктар сыяктуу урук таштайт, метаморфоз жолу м-н өөрчүйт. Дене темп-расы туруксуз, чөйрөгө жараша өзгөрүп турат. Азыркы амфибиялардын 3 түркүмгө (бутсуз, куйруктуу ж-а куйруксуз жерде сууда жашоочулар.) бириккен 25–30дай тукуму, 4000дөн ашык түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 13 тукумдун 34 түрү, Кыргызстанда 4 түрү кезигет. Бутсуздарынын денеси сүйрү, куйругу ж-а буту жок. Куйруктуулардын куйругу жакшы өрчүгөн, буту ичке, кыска.

Жумшак, нымдуу териси алардын дем алуусу ж-а газ алмашуусу үчүн чоң маанигэ ээ. Омурткалары 9–200гө
чейин же андан көп. Куйруксуз жерде сууда жашоочулардын көпчүлүгүнүн кабыргасы толугу м-н жоюлуп кеткен, буту жуп, беш манжа сымал. Жамбаш сөөгү чычаң омурткасы м-н биригип өскөн. Алдыңкы мээси начар өөрчүгөн. Жетилген Ж.-с. ж-дын баары жаныбарлар м-н азыктанат. Жетилгендеринин өпкөсү, хоанасы ж-а кекиртек кемирчеги болот. Личинкаларынын кан айлануусу балыктыкындай, жүрөгү метаморфоз кубулушунан кийин 3 камералуу түзүлүштө. Эркегинин жуп аталык, ургаачысынын жуп энелик бези бар. Көпчүлүгү урук (28000ге чейин) таштайт. Бир азы гана тирүү тууйт. Айрым формаларында жыныс диморфизми даана байкалат. Көбү а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерин жок кылат, о. эле өздөрү башка айбанаттарга азык болот. Бир катар өлкөлөрдө тамак катары пайдаланылат. Ж. с. ж-дын 3 түрү – классикалык лабор. жаныбарлар. Кээ бир түрүнүн саны азайып, коргоого алынган. Алардын 41 түрү ж-а түрчөсү ТКЭСтин, 2 түрү Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.