ЖЕРДЕШТИРҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕРДЕШТИРҮҮ (з а з е м л е н и е) – машина, аппарат, приборлорду ж. у. с. шаймандарды жер м-н электрдик туташтыруу. Арналышына жа­раша коргоочу Ж. (мис., электр машиналары­нын корпустарын, аппараттарды электр тогу­нан коргойт), жумушчу Ж. (мис., трансформа­торлордун нейтралдуу чынжырларын же радио­тех. антенналарын Ж.) ж-а чагылгандан сак­тагыч болуп айырмаланат. Коргоочу Ж. бирин­чи иретте адамды электр тогунан сактайт. Эгер-


де кокусунан түзүлүштө кыска туташуу болсо, электр тогу Ж-чү өткөргүч аркылуу адамга зыян келтирбей өтүп кетет (себеби, жер туруктуу нөл потенциалына ээ), о. эле электр чынжыр­ларын коргоо үчүн (мис., жогорку жыштыктуу же начар электр сигналдарын өткөрүүчү кабел­дерди тышкы тоскоолдуктардан) колдонулат. Жердештиргичтер жерге көмүлгөн тик кагыл­ган темир түтүктөн, рельстен, жез тилкелерден же өткөргүчтөн турат. Ж. каршылыгын азай­туу үчүн жердештиргичтер жер кыртышындагы суунун деңгээлинде жайгаштырылат. Мачта ан­тенналуу радио берүү станцияларында жердеш­тиргичтер 15–20 см тереңдикке көмүлгөн, тол­кун узундугунун 0,35тен 0,5 бөлүгүн түзгөн тор зымдан жасалат. Кээде жердештиргич катары темир трос же чынжыр колдонулат. Чагылган­дан сактагыч Ж. чагылган учурунда пайда бол­гон токтон электр жабдууларын сактоого арна­лып, 200 кА ток күчүнө эсептелет.