ЖЕРДИН РАДИАЦИЯЛЫК АЛКАГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕРДИН РАДИАЦИЯЛЫК АЛКАГЫ – Жердин магнит талаасынын күчү м-н тартылып тур­ган радиациялык жогорку ургаалдыктагы зо­насы. Ж. р. а. жогорку энергияда заряддалган (электрон ж-а протон) бөлүкчөлөрдөн турат. Шарттуу түрдө Ж. р. а. ички ж-а тышкы ал­кактарга бөлүнөт. Ички алкактын чеги 600– 1600 кмге чейин, тышкы алкактыкы бир нече миң км бийиктикте. Жерден 5000 км бийиктикте бир нече ондуктагы Мэв энергиялуу протондор басымдуулук кылат, андан бийикте энергиясы төмөндөп, жерден 3,5 радиус бийиктикте 100 Кэвге жетет. Протондордун ургаалдуулугу (ички ж-а тышкы алкактарда) жер магнетизминин кес­кин түрдө өзгөрүшүнө жараша ар түрдүү. Ж. р. а-нда бир нече жүз Кэв энергиялуу электрондор­дун агымы байкалат. Ж. р. а-ндагы бөлүкчөлөр космонавттарга радиациялык коркунуч түзөт.