ЖЕРДИН СУУ БАЛАНСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕРДИН СУУ БАЛАНСЫ – Жер шарында белгилүү бир убакта жааган жаан-чачын суусу м-н жер бетинен ж-а Дүйнөлүк океандан бууланган суулардын ортосундагы айырма. Ж. с. б. суунун Жерде айланышынын сандык көрсөткүчү болот. Океандардан жылына орто эсеп м-н жааган жаан-чачындын ж-а ага кошулган дарыя сууларынын өлчөмүндөй суу бууланат; кургактыктан болсо, жааган жаан-чачын суусунан дарыя тармактарынын суусун алып таштагандай өлчөмдө суу бууланат. Жер шарындагы көп жылдык жаан-чачындын орт. өлчөмү 1020 мм, Дүйнөлүк океандагы буулануу 880 мм, кургактыктагы буулануу 140 мм. Ж. с. б-нын эсептөөлөрү гидрологияда, метеорологияда суу режимин изилдөөдө кеңири колдонулат.