ЖЕР КОҢУЗДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕР КОҢУЗДАР , с е к и р г и ч к о ң у з д а р (Chrysomelidae) – жалбыракчылар тукумунда­гы коңуз. Демейде ачык түстө. Дене уз. 2 см. Арткы буттары узун ж-а жоон, секирүүгө ыла­йыктуу. Дүйнөдө 40 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 1400дөй түрү белгилүү. Көбүнчө топуракта ж-а чөп-чардын астында кыштап, жазында күн жы­лыганда чыгат. Булар өсүмдүк жалбырагын оюп, сабагын кемирет. Негизинен топуракка ж-а өсүмдүктөргө сиркелейт. Личинкасы өсүмдүктүн тамырын жейт. Алардын 129 түрү кайчылаш гүлдүү өсүмдүктө (капуста, шалгам, түрп ж. б.), кызылча, зыгыр, дан эгиндери, картөшкө (ко­лорадо коңузу) ж-а помидорго зыян келтирет. Сактануу чаралары: Ж. к. азыктануучу отоо чөптөрдү жок кылуу (кээде отоо чөпкө каршы колдонулат); үрөндү эрте себүү, үрөнгө инсек­тицид чачуу ж. б.