ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ – Атлантика океанындагы ички деңиз. Евразия м-н Африканын аралыгында жайгашкан. Атлантика океаны м-н Гибралтар кысыгы аркылуу туташат. Испания, Франция, Италия, Монако, Мальта, Сербия ж-а Черногория, Словения, Босния ж-а Герцеговина, Хорватия, Албания, Грекия, Түркия, Кипр Республикасы, Сирия, Ливан, Палестина, Израиль, Египет, Ливия, Тунис, Алжир, Марокконун жээктерин чулгап жатат. Кара деңизге Мрамор деңизи, Дарданелл, Босфор кысыктары, Кызыл деңизге Суэц каналы аркылуу туташат. Аянты 2,5 млн км2. Суусунун көлөмү 3839

миң км3. Орт. тереңдиги 1541 м, эң терең жери 5121м.Тоолуужээктеринегизиненабразиялык, түзөңдөлгөн; жапыз жээктери – лагуна-лиман ж-а дельта, Адриа деңизинин чыгыш жээктери – дальмация тибинде. Ири жарым аралдар ж-а аралдар м-н бөлүнгөн деңиздери: Альборан, Балеар, Лигурия, Тиррен, Адрия, Иония, Эгей, Кипр. Ж. о. д-дин алабына, о. эле Мрамор, Кара ж-а Азов деңиздери кирет. Ири булуңдары: Валенсия, Лион, Генуя, Таранто, Сидра (Чоң Сирт), Габес (Кичи Сирт). Ири аралдары: Балеар, Корсика, Сардиния, Сицилия, Крит, Кипр. Деңизге Эбро, Рона, По, Нил сыяктуу ири дарыялар куят. Ж. о. д-дин таманынын рельефи татаал, анткени ал альп геосинклиналдык тутумунда жайгашкан. Анда тереңдиги 2000–4000 м болгон бир нече чуңкурдукка бөлүнөт; материктик капталдары салыштырмалуу тик. Чуңкурдуктарды жээктей кууш шельф тилкеси созулуп жатат. Шельф Тунис м-н Сицилиянын аралыгында, о. эле Адриа деңизинде гана кеңийт. Ж. о. д-ге кышы нымдуу, жумшак, жайы кургакчыл, ысык субтропиктик жер ортолук деңиз тибиндеги климат мүнөздүү. Азор антициклонунун таасиринен түн.-батыш шамалы үстөмдүк кылат. Кышында циклондук процесстердин таасиринен шамал өтө катуу согот. Айрым жерине төмөнкү жерг. шамалдар мүнөздүү: этезия – түндүктөн соккон туруктуу шамал (деңиздин чыгыш бөлүгүндө); мистраль – түндүктөн соккон муздак катуу шамал (Лион булуңунда); бора – түн.-чыгыштан өтө катуу соккон муздак шамал; сирокко – түштүктөн соккон жылуу шамал (деңиздин түш. бөлүгүнө, Эгей ж-а Адриа деңиздеринин жээктерине мүнөздүү). Абанын январдагы орт. темп-расы деңиздин түш. жээктеринде 14–16°Сден түндүгүндө 7–10°Сге чейин, августта – түндүгүндө 22–24°С, түштүгүндө 25–30°С. Деңиз бетинин буулануусу 1250 мм (3130 км3). Абанын нымдуулугу жайында 50–65%тен кышында 65–80%ке чейин өзгөрөт. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 400 ммдей (1000 км3дей); ал түн.-батышында 1100–1300 ммден түш.-чыгышында 50–100 ммге чейин; минимуму июльавгустта, максимуму – декабрда байкалат. Закымдын болушу да мүмкүн, айрыкча Мессина кысыгында көбүрөөк байкалат (фата-моргана деген ат м-н). Гидрол. режиминин калыптануусунда климаттык фактордун ж-а Атлантика океаны чектеш деңиздер м-н суу алмашуусунун мааниси зор. Суу алмашуу маалында Ж. о. д-ге сырттан кирген суу деңиздин үстүңкү, ал эми сыртка чыккан суу астынкы катмары м-н агып
өтөт. Суусунун кирүү өлчөмү басымдуу бөлүгүндө 0,1–0,5 мди, ал эми Тунистин чыгыш жээктеринде 1,7 мди түзөт. Деңгээлинин тартылуу-ташкындоодон өзгөрүүсү зор өлчөмгө жетет (Корсиканын жээктеринде 3,5 м). Кысыктарда өтө катуу ташкын-тартылуу агымдары пайда болот. Деңиздин үстүңкү катмарындагы туруктуу үстүңкү агымдар жээктей агып, циклондук туюк айлампаны пайда кылат. Ж. о. д-дин айрым бөлүктөрүндө (батыш четинде, Тиррен, Адрия, Эгей деңиздеринде) өз алдынча циклондук айлампалар пайда болот. Бийикт. 7–8 мге жеткен катуу толкундар кышында байкалат. Суусунун тунуктугу Сириянын жээктеринде 60 мге жетет. Деңиздин ачык мейкиндигинде суунун өңү өтө көгүлтүр. Үстүңкү катмардагы суунун темп-расы деңиздин чыгыш бөлүгүндө февралда 17°С, августта 27–30°С. Түндүктү ж-а чыгышты карай суунун темп-расы Адрия деңизинде февралда 7°Сге, августта Лион булуңунда 20°Сге чейин т өмөндөйт. Ту здуулугу бат ышында 36‰ден, чыгышында 39,5‰ге чейин. Суунун тыгыздыгы 1025тен (Гибралтар кысыгында) 1029га чейин (Эгей деңизинин түш.-чыгыш бөлүгүндө). Тереңдиктеги суунун темп-расы 12,9–13,8°С, туздуулугу 38,37–38,66‰. Балык (сардина, тунец, скумбрия ж. б.) кармалат. Шельфинде (Адрия деңизинин түн. бөлүгү, Эгей деңизи) нефть ж-а газ казып алынат. Ж. о. д. аркылуу Европаны Африка, Түш. ж-а Чыгыш Азия өлкөлөрү, Австралия, КМШ өлкөлөрүнүн порттору м-н байланыштыруучу маанилүү деңиз жолу өтөт. Ири порттору: Барселона (Испания), Марсель (Франция), Генуя, Неаполь, Венеция, Триест (Италия), Риека (Хорватия), Пирей ж-а Салоники (Грекия), Бейрут (Ливан), Александрия, Потр-Саид (Египет), Триполи (Ливия), Алжир (Алжир). Франция м-н Италиядагы Көгүлтүр жээктеги (Ривьера), Испаниядагы, Монакодогу, Балеар а-ндагы, Балкан ж. а-ндагы өлкөлөрдүн Динара тайпак тоосу жак жээгиндеги ж. б. курорттору белгилүү.
Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1971; Циргоффер А. Атлантичекий океан и его моря / Пер. с польск. М., 1975; Богданов Д. В. Региональная физическая география Мирового океана. Л., 1985; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004. Ө. Бараталиев.