ЖЕР-ҮЙ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕР-ҮЙ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нунда, Жер-Үй ж-а Көк-Сай сууларынын кошулган жеринде, Бөкөнбаев кыш-нан 18 км батышта, деңиз деңг. 1950 м бийикте жайгашкан.
Чым көң саз катмары м-н байланышып, төрт горизонтту түзөт. Жалпы аянты 24,2 га, орт. калыңдыгы 0,69 м. Чым көң күрөң түстө, чириндилер 20–25%. Күйгөндөгү жылуулугу 2388–3964 калория. Чым көңдү кык ж-а акиташ м-н аралаштырып, жер семирткич катары колдонууга болот. Запасы С категориясы б-ча 252 миң м3.