ЖЕТИ АТА: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИ АТА – кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеал. түшүнүк. Ж. а-нын элдик генеал. түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Ж. а. кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомундагы ар бир адам өзүнүн Ж. а-сын билүүгө тийиш болгон. Ж. а-сын билбеген адам кул катары кабыл алынган. 19-к-дын аягында Кырг-нга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтааныш адам ж-дө бир нерсе билүү максатында: “Сенин жети атаң ким болгон”,– деп сурашат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыргыздын ар бир баласынын кудурети жетет». «Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери»,– деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Ж. а. өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер м-н аталып, элдин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсинде сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түш. диалектиде эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы барбы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек», «жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Ж. а-ны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеал. тазалыгын сактап калуу ж-а биол. популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», – деп айтылат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шартында бири биринен обочолонуп жашагандыктан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат б-ча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук экзогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдерден айырмаланып, кыргыздарда никенин ж-а урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө мад-ты иштелип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам Ж. а-сын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамиялык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы Ж. а-сын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.
Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Асанов Т. И. Кыргыздардын этносаясий түзүлүшүнүн жана тарыхый байланыштарынын санжырада чагылдырылышы. Б., 1999. Т. И. Асанов.